Бишкектеги бала бакчалардын да каникулу узарды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДетский дом в Великом Новгороде
Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу 5-февралга чейин узартылган

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин каникулу узартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мэриянын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова кабарлады.

Эске салсак буга чейин мэрия катуу сууктан улам мектепке чейинки билим берүү мекемелердин иши эки күнгө токтотулганын айткан

"Мектептер сыяктуу Бишкек шаарындагы бала бакчалар да 5-февралга чейин иштебейт. Буга катуу суук жана жылуулуктун жеткиликтүү болбогону себеп", — деди Айдарбекова.

Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп окуучуларынын да каникулу узартылган.

Ал эми Кыргызгидромет бир жума аралыгында, болжол менен 5-6 февралда, абанын температурасы 0 градуска жетип, андан соң акырындап жогорулай турганын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0