Улуттук госпиталда жылытуу системасы тоңуп калды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканада жаткандардын бир тобун үйүнө чыгарылса, кээ бирлери башка бөлүмдөргө которулуп жатат

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын ири корпустарынын биринде жылытуу систамасы тоңуп калып, иштен чыкты. Бул туурасында аталган мекеменин башкы дарыгери Динара Сагинбаева кабарлады.

Бул дарылоочу алты корпустун биринде болгон.

"Бишкекте имараттарды жылытуу боюнча көйгөй башталганда келип-кетип дарылана турган шаардык бир катар бейтаптар чыгарылган. Учурда бул жерде алардын үчтөн бири калды. Жылуураак башка бөлүмдөргө которуп жатабыз", — деди Сагинбаева.

Түзүлгөн кырдаалдын эмнеден келип чыккандыгы каралып, системаны бүгүн кечке чейин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

2017-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыздаган станцияда авария болгон. Берилүүчү жылуулуктун басымы 340тан 154 мегаватка түшүп кеткен. Шаардагы турак үйлөр менен ооруканалардагы аба кескин сууктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0