Чалкан: жол эрежелерин уруп ойнобогон бишкектик айдоочулар

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЖолдун каршы тилкесинде бараткан маршуттук унаа
Жолдун каршы тилкесинде бараткан маршуттук унаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан ары ар бейшемби сайын жол тартибин сактабагандардын сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялап турат

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мектептеги "Тикенек" дубал гезити, айтылуу "Чалкан" журналы эсиңиздеби? Ушуларга чыгып калбасак экен деп далай киши безилдечү эле го.

Бишкектик айдоочулар дагы уялып калар бекен деп "Чалкан" рубрикасын баштадык. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram мессенджериндеги "Бишкек сегодня" каналына келген жана социадык тармактардагы жол эрежелерин бузган унаалардын сүрөттөрүн, видеолорун жарыялап турабыз.

Бул унаа Бишкектеги мектептердин биринин жанында токтоп турат. "Окуучулар өтчү жол чийинден алысыраак токтотпойсузбу" деген ата-эненин өтүнүчүнө айдоочу "айланып өтсүн" деп жооп берген.

Facebook тармагынын колдонуучулары ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринин кийимин кийген адам номери жок унааны айдап жүргөнү боюнча талашып-тартышты.

Москва көчөсүндө эч нерсе болбогондой каршы тилкеге чыгып кеткен эргул.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКаршы тилкеге чыгып кеткен Lexus GX460
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Каршы тилкеге чыгып кеткен Lexus GX460

Каршы тилке менен зуулдап бараткан дагы бир жолтандабас

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЧакан автобустар дагы каршы тилкеге көп чыгышат
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чакан автобустар дагы каршы тилкеге көп чыгышат

Бишкекте каршы тилкеге чыкканды чакан автобустардын айдоочулары дагы жакшы көрөт

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМанас проспектиси менен бара жаткан чакан автобус
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Манас проспектиси менен бара жаткан чакан автобус

Манастан Чубак кем бекен?..

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖашоочулардын жолун торогон жолтандабас
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жашоочулардын жолун торогон жолтандабас

Кичи райондордун бириндеги үйлөрдүн тротуарына токтоп алган Lexus LX470

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуТүнкүсүн тротуарга токтогон жеңил унаа
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Түнкүсүн тротуарга токтогон жеңил унаа

Бул үйдө жашаган жаш энелер унаалар токтоп алгандыктан, коляска сүйрөп өтүүгө жол калбай каларын айтып даттанышат

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКичи райондордун бириндеги жолго токтоп алган Ford
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кичи райондордун бириндеги жолго токтоп алган Ford

Ошол эле жердеги Ford унаасы

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖол тосчу тургундарга тоскоол болгон унаа
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол тосчу тургундарга тоскоол болгон унаа

New ТВ каналынын логотиби тартылган унаа туура эмес жерге токтоп алган

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭки мектептин ортосуна туура эмес токтогон Range Rover
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эки мектептин ортосуна туура эмес токтогон Range Rover

Токтогул жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши. №5 гимназия менен "Звездочка" мектебинин ортосундагы тротуарга токтоп алган Range Rover унаасы

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖөө жүргөндөргө тоскоолдук жараткан унаа
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жөө жүргөндөргө тоскоолдук жараткан унаа

"Жал" кичирайонунун жогорку бөлүгүндөгү тратуар

Жөө адамдарга жол бербей, каршы тилке менен зуулдаган жолтандабас

Бул автобусту бүгүн эртең менен видеого тартып алган окурман шаардагы абанын булганып жатканына нааразы болду

Жаңылыктар түрмөгү
0