Милиционердин погонун жулуп алды делген Финполдун кызматкери камакка алынды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШИИБдин маалыматына караганда, шектүү укук коргоо органынын кызматкерине кол салып погонун жулуп алган

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын милиционердин погонун жулуп алды делген кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто үй ээсин коркутуп 222 миң долларын алып кетти делген дагы эки киши кармалды
Окуя 21-январга караган түнү болгон. Шектүү кафеде чатак салганы айтылууда. Мындан улам ал милициянын бөлүмүнө жеткирилген. ШИИБдин маалымат кызматы кармалган жаран укук коргоо органынын кызматкерин жерге кулатып, погонун жулуп алганын билдирүүдө.

23-январда ал бир айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (бийликтин өкүлүнө күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0