15:56 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ооруканадагы бейтап. Архивдик сүрөт

Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги

© Sputnik / Иван Макеев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
311230

Оор диагноздорду уккандагы бейтаптардын абалы, операциядан баш тартуу себептери туурасында Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илим изилдөө институтунун кардиохирургу Мамыт Акылбеков айтып берди.

Дарыгердин баянын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова тыңдап, жазып алган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча машине коюп кеткен учурларга караганда жүрөк талмасынан каза тапкандар алдаканча көп. Жүрөк-кантамыр оорулары кыргызстандыктар арасындагы жалпы өлүм көрсөткүчүндө биринчи орунда турат. 

Кардиохирург Научно-исследовательского института хирургии сердца и трансплантации органов Мамыт Акылбеков во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кардиохирург Мамыт Акылбеков

— Алгач жасаган операцияңыз боюнча айтсаңыз.

— Бардык хирургдар биринчи операциясын сокур ичегиге жасайт. Студенттер мындай операция жасоо үчүн мушташууга да даяр болчу. Андай мүмкүнчүлүк колго тийгенине адегенде укмуш бактылуу болгом, бирок, мойнума жүктөлгөн жоопкерчиликтен буттарым шилтенбей калган эле.

Албетте, баштан-аяк тажрыйбалуу хирургдар байкоо салып турушту, ийгиликтүү өттү. Чындыгында буга аябай көп болуп калды, 90-жылдары эле. Ал эми кардиохирург катары алгачкы операцияны кийинчерээк, 2008-жылы жасадым. Кочкор районунан келген алты жашар эркек бала ачык артериалдык түтүгү менен ооруканага түшкөн. Жүрөгүндө "шуулдоолор" болбогон шартта кемтиги бар балдар жакшы эле өнүгүп, чоңое беришет. Бирок, түтүгү чоң болгон учурда жүрөккө күч келип, бат-бат суук тийип, энтигүү өңдүү белгилер пайда болушу мүмкүн. Ошол наристеники ушундай учур болгондуктан, операциядан башка арга жок эле.

Ийгиликтүү жасалды. Ал биринчи бейтабым азыр 17ге толду, келерки жылы мектепти аяктайт. Баланын ата-энеси азыр да майрамдарда телефон чалып, куттуктап турушат.

— Канча жүрөк сиздин колуңуздан өттү?

— 400дөй операция жасадым.

— Бейтаптар көбүнесе кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

— Бейтаптардын көпчүлүгү мага жүрөктүн коронардык оорусу менен кайрылышат. Одонороок айтканда, кан тамырларда тыгындылар пайда болот да, жүрөккө сиңимдүү заттар жана кычкылтек аз өлчөмдө барат. Көкүрөк клеткасында оору жаралат.

Аялдарга караганда эркектер көп чалдыгат. Буга көп факторлор: кыймылдын аздыгы, жаш-курагы, генетика таасир этет.

— Жүрөк ооруларынын кандай белгилерин көңүлдөн тыш калтырбоо керек?

— Көкүрөк туштагы ыңгайсыздык — бул эң көп жаралчу белги. Эгер көкүрөктө оору пайда болуп, демиңиз кыстыга турган адат тапса, доктурга көрүнүүңүз абзел. Колго өтчү оору да — дайым болчу белгилердин бири, кээде көкүрөктөн да колуңуз көбүрөөк оорушу мүмкүн.

Жүрөк канды тийиштүү түрдө айланта албай калганда бут шиший баштайт. Буттагы кан тамырларда кызыл плазма уюй баштайт да, шишикке алып келет.

— Бейтаптар диагнозду билип, операциядан башка жол жок экендигин укканда кандай кабылдашат?

— Баары жашоону самайт, сиз дагы, мен дагы жашагым келет. Албетте, адам алгач дүрбөлөңгө түшөт, кесепеттерин ойлой санааркайт. Былтыр жапжаш бир жигит кайрылды. Болгону 32 жашта. Күч келгенде көкүрөк тушу кысылып жатканын айтты. Карап-текшерип чыккандан кийин баарыбыз таң калдык — жүрөктүн үч кан тамырдуу илдети экен.

Жүрөк толтосунун мындай атеросклеротикалык өзгөрүүлөрү өтө кооптуу, бейтаптын кадыресе жашоосуна гана коркунуч келтирбестен, өлүмгө да жетелеши мүмкүн. Дарты оор экенин укканда ал ыйлап жиберди. Кичине эле капаланса же күч келсе, инфаркт алып, кесепетин жое албай калмакпыз.

Эртеси көздөрү шишип келди, айтымында, түнү бою ыйлап чыгыптыр… Абдан коркуп турганын, өлгүсү келбегенин, эмне кылар айласын таппай калгандыгын айтат. Ал кабылган шартта кечиктире албайт элек, операцияга акыры көндүргөм.

Бир жума мурун эле телефон чалды, улак тартышка катышууга болобу деп сурайт. Операциядан бери жыл айлана элек. Албетте, ойноого болбойт. Бирок, буга чейин бир нече ирет катышканын мойнуна алып, өзүн жакшы сезип жүргөнүн айтты. 

Кардиохирург научно – исследовательского института хирургии сердца и трансплантации органов Мамыт Акылбеков во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кардиохирург Мамыт Акылбеков

— Операциядан баш тарткан бейтаптар болобу?

— Элдин аң-сезими да таасир этет, көпчүлүк 70 жаштан өтүп калганда операциянын зарылчылыгы жок деп ойлошот. Бирок, бул жаңылыш пикир, бир бейтабым 82 жашта эле, операция абдан ийгиликтүү өттү!

Бир дагы дарыгер операция жашты узартарына кепилдик бере албайт. Хирург катары менин милдетим – бейтаптын оорусун басаңдатуу.

— Хирургиялык тажрыйбаңызда кайсы учур эсиңизде сакталып калды?

— Жүздөгөн бейтаптар бар… Ошентсе да, эсте калган окуялар болот.

Бейтап коронарографиядан (ред. — контраст менен жүрөк кан тамырларын рентген аркылуу текшерүү) өттү, анан эле инфаркт башталды. Кечеңдетпешибиз керек эле, бардык зарыл амалдарды жасоо үчүн 12 гана саатыбыз калды.

Бейтаптын бардык кан тамырлары опурталдуу абалда, инфаркт. Шунтирлөө (кан тамырларды бириктирүүчү түтүкчө коюу) зарыл болчу. Баарын ийгиликтүү аткардык. Бул учурду анын татаалдыгынан улам эмес, ал кишинин жубайынын санаа тартканын көрүп эстеп калсам керек.

Ал оорукананын далисинде ыйлап да, сыйынып да жатты. Мындай убактарда атеисттер да Кудайга ишене башташат.

— Операция маалында бейтаптарды бирөө-жарым күтүп турабы же өз көйгөйү менен жалгыз калгандары да кездешеби?

— Ар кыл тагдырларды көрдүм, ар кандай болот. Кай бирлерин далисте Кудайга жалбара күтүп турушат, айрымдары өзү гана келип, жалгыз кетет. Бир бейтапты дегеле унутпайм. 68 жашта экен, бул курагында коронардык артерияларынын үч кан тамырлуу илдетине кабылган. Бул абдан олуттуу жагдай, мындай баскычында дары-дармек да жардам бербейт. Тезинен операция жасалышы керектигин айтып туруп алдым.

Ал киши жашарын жашаганын, дары жазып берип эле тынчын албообузду өтүндү. Операция жасатууга жашы туура келбестигин шылтады. Өз өмүрүнө ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн ага кыйкыргым келди. 60 жашта баары жаңы башталат, алдыда аны дагы далай кубаныч күтүп турганын айтсак да, дегеле көндүрө албадык.

Бир жумадан кийин аны оорукананын далисинен жолуктурдум. Ыйлаган өңдөнөт, мынчалык эрте өлгүсү келбегенин айтат… Бир жума бою жакында өмүрү менен кош айтышарын ойлонуп, 90 жаштагы күүлүү-күчтүү атасына карап дагы көп ишти аткарып, көп нерсеге үлгүрө алары боюнча акыл калчаптыр. Үй-бүлөсүнө дарты тууралуу ооз ачпастан, жакындарын санаага салгысы келбей, акырын эле операция жасатып кетүүнү чечет.

Чындыгында менин сөздөрүм ага катуу таасир этерин ойлобопмун. Өз өмүрү тууралуу ойго батып, дагы далай ирет адашып, кубанууга мүмкүнчүлүгү бар экенин аңдаган. Операцияга жалгыз келди, өмүрү коркунучта экендигин жакындарына эч билдирбептир. Эч кимиси ал дарыгердин үстөлүнө жатарын уккан жок, бир жума өткөндө өзү жалгыз чыгып кетти. Ошондо гана жакындарына башынан өткөндөрүн айтып берүүгө аргасыз болуптур.

Кээде телефон аркылуу сүйлөшүп калабыз, неберелери жөнүндө айтып берет, аны операцияга көндүргөнүм үчүн мени кайра-кайра алкайт. 

Кардиохирург Научно-исследовательского института хирургии сердца и трансплантации органов Мамыт Акылбеков во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кардиохирург Мамыт Акылбеков

— Кыргызстандагы кардиохирургиянын азыркы жана 20 жыл мурунку деңгээлин салыштырсак, медицина кандай арыш жасай алды?

— 2000-жылдардын башында бизге Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн операция жасатууга келишчү. Ал эми азыр аталган мамлекеттерде медицина тармагы бизден алдаканча алдыга озду.

Маселен, Казакстан, кардиохирургияга 2005-жылдан тарта чоң каражат сала баштады. Жыйынтыгында эмнеге жетишишти? – Жүрөк алмаштыруу операциялары жасалып жаткан он беш жаңы, толук жабдылган борбор ачылды.

Биздин өлкөдө баары жаман деп айтуудан алысмын, инвестиция бар, бирок, абдан аз.

— Бүгүнкү күндө сиз ийгиликтүү, эл ишенимине татыган дарыгерсиз. Ал эми жаңыдан кесипке киришип жаткан маалда кандай эле?

— Бул чөйрөдө 1997-жылдан тарта иштей баштадым, ошол убак жашоомдогу эң ачка жылдар эле. Жатаканада турчумун, батир ижаралоого тургай, тамак-ашка жетчү эмес.

Айла жок, бир аргасын табууга тийиш элем, кыздардан тамак сурачумун, алардыкынан дайым курсак тойгузуп алууга мүмкүн эле. Колго эмне тийсе – күрүч, кара буудай жана бир бүтүн нанбы, айтор, баары бир болчу.

Тема боюнча

Сыдыкова: туура эмес жасалган аборт рак оорусун шартташы мүмкүн
Сагынбаева: ачуу тийген күн теринин рак оорусун пайда кылат
Белгилер:
хирург, жүрөк, операция

ЭҢ МААНИЛҮҮ