Коопсуз мектеп — жаркын келечек! Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПресс-тур по школе №2 в Новопокровке
Пресс-тур по школе №2 в Новопокровке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү журналисттер менен биргеликте Чүй менен Ысык-Көл облусунун бир катар мектептериндеги коопсуз билим берүү ишине мониторинг жүргүзүштү.

Пресс-турдун максаты мектептердеги коопсуз билим берүү тууралуу кененирээк тааныштыруу болду. Аларга: жарыктын эффективдүүлүгү, экологиялык жашылдандыруу, ысык тамак, жарыктандыруу, санитария жана гигиена, коопсуз аба жана видео көзөмөлдү орнотуу сыяктуу нерселер кирет.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаБилим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү журналисттер менен биргеликте Чүй менен Ысык-Көл облусунун бир катар мектептериндеги коопсуз билим берүү ишине мониторинг жүргүзүштү.
Билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү журналисттер менен биргеликте Чүй менен Ысык-Көл облусунун бир катар мектептериндеги коопсуз билим берүү ишине мониторинг жүргүзүштү. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү журналисттер менен биргеликте Чүй менен Ысык-Көл облусунун бир катар мектептериндеги коопсуз билим берүү ишине мониторинг жүргүзүштү.
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПресс-турдун максаты мектептердеги коопсуз билим берүү тууралуу кененирээк тааныштыруу болду. Аларга: жарыктын эффективдүүлүгү, экологиялык жашылдандыруу, ысык тамак, жарыктандыруу, санитария жана гигиена, коопсуз аба жана видео көзөмөлдү орнотуу сыяктуу нерселер кирет.
Пресс-турдун максаты мектептердеги коопсуз билим берүү тууралуу кененирээк тааныштыруу болду. Аларга: жарыктын эффективдүүлүгү, экологиялык жашылдандыруу, ысык тамак, жарыктандыруу, санитария жана гигиена, коопсуз аба жана видео көзөмөлдү орнотуу сыяктуу нерселер кирет. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Пресс-турдун максаты мектептердеги коопсуз билим берүү тууралуу кененирээк тааныштыруу болду. Аларга: жарыктын эффективдүүлүгү, экологиялык жашылдандыруу, ысык тамак, жарыктандыруу, санитария жана гигиена, коопсуз аба жана видео көзөмөлдү орнотуу сыяктуу нерселер кирет.
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаБилим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева журналисттер менен биргеликте Новопокровка айылындагы №2 мектепке баш бакты.
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева журналисттер менен биргеликте Новопокровка айылындагы №2 мектепке баш бакты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева журналисттер менен биргеликте Новопокровка айылындагы №2 мектепке баш бакты.
1/3
Билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү журналисттер менен биргеликте Чүй менен Ысык-Көл облусунун бир катар мектептериндеги коопсуз билим берүү ишине мониторинг жүргүзүштү.
2/3
Пресс-турдун максаты мектептердеги коопсуз билим берүү тууралуу кененирээк тааныштыруу болду. Аларга: жарыктын эффективдүүлүгү, экологиялык жашылдандыруу, ысык тамак, жарыктандыруу, санитария жана гигиена, коопсуз аба жана видео көзөмөлдү орнотуу сыяктуу нерселер кирет.
3/3
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева журналисттер менен биргеликте Новопокровка айылындагы №2 мектепке баш бакты.

Электр энергиясын үнөмдөөгө өткөн мектеп

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева журналисттер менен биргеликте Новопокровка айылындагы №2 мектепке баш бакты. Министрдин айтымында, мектептеги маалымат коопсуздугу чоң роль ойнойт. Акыркы жылдары 775 мектеп интернетке тутуштырылган.

"Мектептерди компьютердик жабдуулар менен камсыздоодо кыйынчылыктар бар. Бирок кийинки жылы каражат таап, бул маселени чечишибиз керек", — деди министр.

Мектеп директору Фарида Низамудинова "БИОМ" экологиялык биримдиги эл аралык стандарттагы коопсуздукка жооп берген атайын жылуулук үнөмдөөчү эки терезе жана жарыктандыруу орнотуп бергенин кошумчалады.

Андан сырткары, мектептин үстүнө күн нурунан электр энергия алган батареялар орнотулган. Мындай жол менен электр энергия үчүн ай сайын 500-600 сом үнөмдөлөт.

Бөбөктөргө ылайыкташкан шарт

Подготовка Бишкека к Новому году - Sputnik Кыргызстан
Министрлик мектептерде кышкы каникул качан башталарын айтты
Билим берүү министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банк менен биргеликте Милянфан айылында жайгашкан "Белочка" бала бакчасынын бир группасын жабдуулар менен камсыздаган. Бакча бөлмөлөрүнө ремонт иштери жасалып, балдарга жумшак оюнчуктар, эмеректер берилген.

Долбоордун жемиштүү иштеринин бири — инновациялык жуунучу бөлмөлөрдүн орнотулушу. Ага кол жуучу жай жана балдардын тулку боюна ылайыкташкан унитаздар кирет. Мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев мындай жабдуулар менен өлкөдөгү 300 мектеп камсыздалганын кошумчалады.

Ысык тамак берүүгө өткөн мектептер

Кийинки сапар Орловка шаарчасындагы №1 Кудряшов жана Чолпон-Атадагы Абдуразаков атындагы пилоттук мектептерде болду. Бул мекемелердеги ысык тамак берүү демилгеси БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын "КРдин мектептерине тамак берүүнү жөнгө салуу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектептерди төмөнкүдөй заманбап жабдуулар менен камсыздаган. Алар: электрондук меш, камыр кескен машина, жашылча туурагыч, суу кайнаткыч, кол жуучу жай жана башка ушундай сыяктуу техникалык жардамдарды көрсөтүшкөн. БУУнун БДАП жана жергиликтүү бийлик органдары окуучулар менен ашпозчулар үчүн техникалык инфраструктураларды түзүп берген.

Обучение детей мигрантов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар мектепте смартфон колдонууга тыюу салууну сунуштап жатышат
Мектептин ашпозчулары тамакты пайдалуу жана даамдуу жасаганды үйрөнүү максатында атайын окуудан өтүшкөн. Ошондой эле мектеп башкармалыгы менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тамак берүү боюнча тренингден өтүп келишкен.

Орловкадагы №1 Кудряшов атындагы мектеп директору Павел Поповдун айтымында, башталгыч класстагы окуучулардын ата-энелери дагы ысык тамак берүүгө өз ыктыярлары менен көмөк көрсөтүп келишет. Бирок мындай кадамдар расмий тендер менен ишке аша элек.

"Шаар ичинде тендер менен иштешүүнүн мааниси бар. Азырынча ата-энелер жер жемиш менен жардам берип жатышат. Кээде бекер, кээде арзан баада сатып алабыз," — деди Попов.

Биргелешип иштешүүнүн жыйынтыгында башталгыч класстын 274гө чукул окуучусу жумасына беш жолу ысык тамак менен камсыздалган. Менюда сүт боткосу, шорпо, экинчи тамактар, ун тамактары, сүт жана шире суусундуктары каралган.

Ошондой эле Чолпон-Атадагы Абдуразаков атындагы мектептин башталгыч классынын 580 окуучусу жумасына беш жолу ысык тамак ичет.

Жаңылыктар түрмөгү
0