11:07 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Жогоулуп кеткен чек арачы Бексултан Баардинов. Архив

Эки жыл мурда жоголгон чек арачы Баардиновдун апасы: уулум быйыл изделген жок

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дайынсыз кеткен чек арачыны издөө (13)
101501

Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон аскерди издөө иштери токтогон жок деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 2015-жылы август айында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Карамык" чек ара заставасынан чыгып адашып кетти делген чек арачы Бексултан Баардинов дагы деле табыла элек. Бул тууралуу анын апасы Майрам Закирова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, уулу дайынсыз кеткен 2015-жылы издөө иштери жүрүп, былтыр дагы улантылган. Бирок быйыл эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес.

"Башында Чек ара кызматы жана башка кызматтар издешкен. Бирок быйыл бизге эч ким чалып издөө иштери болуп жатканы тууралуу маалымат берген жок", — деди ал.

Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон чек арачыны издөө иштери токтотулган жок деп Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Баардиновду издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин улантылып жатат, токтоп калган жок. Аталган факты боюнча чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан иликтөө жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер иштен алынган. Издөө иштеринин жүрүшү боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы аскердин туугандары менен жолугуп, аларга маалымат берип турат. Анын ата-энеси менен акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында жолугушуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми акыркы жолугушуу боюнча Баардиновдун апасы Закирова ал күнү маалымат жыйын болгонун, Чек ара кызматынын өкүлдөрү аларга келип "бизди жамандабагыла, жетекчилик билип калат" деп айтканын кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча мекеменин көмөгү менен 2016-жылы Баардиновдун ата-энеси Тажикстанга барып, ал жакта жүргүзүлүп жаткан издөө иштери менен таанышкан. Учурда коңшу мамлекеттин чек арачылары менен маалымат алмашуу улантылып келет.

Андан сырткары, билдирүүдө Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон аскердин ата-энесине түрдүү жардамдарды, анын ичинде материалдык дагы жардам берип келери айтылат.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын 23-августунда Чоң-Алай районундагы "Карамык" заставасында нөөмөттө турган 19 жаштагы чек арачы Бексултан Баардинов дайынсыз жоголуп кеткен. Анын жанында Калашников автоматы бар экени айтылган. Айрым маалыматтар боюнча чек арачы аң уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Бирок аскердин ата-энеси аны заставанын жетекчилиги өз кызыкчылыгы үчүн маңзатты ташууга жиберген деп шектенишүүдө.

Тема:
Дайынсыз кеткен чек арачыны издөө (13)

Тема боюнча

Чек арачынын жоголгонуна бир жыл толду. Издөө иштеринин жыйынтыгы
Жоголуп кеткен чек арачынын апасы: уулумду өлтүрүп же сатып жиберишкен
Белгилер:
издөө, чек ара, Бексултан Баардинов

ЭҢ МААНИЛҮҮ