Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Подготовка Бишкека к Новому году - Sputnik Кыргызстан
Министрлик мектептерде кышкы каникул качан башталарын айтты
Ага ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй, Таласта 0…5 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 4 градус жылуу, Нарында —2…-7 градус суук болот.

Бишкекти туман каптап, 2 градус суук болсо, Ошто күн 5 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0