Кыргызстандын муфтий Финляндияда жүрөт

© Фото / пресс-служба ДУМК КРВизит муфтия КР Максатбека ажы Токтомушева в Хельсинки
Визит муфтия КР Максатбека ажы Токтомушева в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хельсинки шаарында мусулмандардын XIII эл аралык форуму өтүүдө

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын муфтий Максатбек ажы Токтомушев Хельсинки шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты билдирди.

Ага ылайык, Токтомушев "Исламдагы гуманизм жана учурдун глобалдуу маселелери: стратегия жана чечимдер" аттуу мусулмандардын XIII эл аралык форумуна катышууда.

"Аталган форумга Евразия континентиндеги 25 мамлекеттеги мусулман коомдору, билим берүү жана илимий институттардын жетекчилери келишкен. Кыргызстандан Максатбек ажы Токтомушев катышууда", — деп айтылат маалыматта.

Бул форумду Россиянын мусулмандар дин башкармалыгы, Россидагы муфтийлердин кеңеши, Москва ислам институту жана башкалар уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0