Ош облустук СПИД борборунда кандын кургак тамчысы боюнча балдардын ВИЧ инфекциясын аныктоонун заманбап ыкмасынын жыйынтыктары тааныштырылды.
ВИЧти мындай ыкма менен аныктоо 2013-жылы Бириккен улуттар уюмунун балдар фондусу (ЮНИСЕФ — ред.) тарабынан ишке ашкан.
Эки кызы менен ВИЧке чалдыккан Айдайдын тагдыры
Ош облусунун 31 жаштагы тургуну Айдай (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) ВИЧ (адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу — ред.) илдетине кабылганын кичүү кызы бир жашка чыкканда билген. Наристесинин ичи өткөгү күч алганда борборду көздөй жөнөйт. Дарыгердин сунушу менен кан тапшыргандан кийин ВИЧ илдетине кызы менен кошо кабылганын угат… Айылда Айдайды дагы бир коркунуч күтүп турган болот. Ал — улуу кызынын да ВИЧке чалдыгышы эле.
"2005-жылы тун кызым, 2009-жылы кенже кызым туулган. Кичүүмдүн алты айынан баштап ичи өткөгү күчөп, жакшы боло албай койду. Мен тиши чыгып жатса керек ойлогом. Борбордогу бейтапканага барсам дарыгерлер СПИД борборуна кан тапшыруумду сунуштаган. Жыйынтыгында кызымдын жана өзүмдүн ВИЧ илдетине чалдыгып калганымды уктум. Кокконумдан айылда калган улуу кызымды Ош облустук СПИД борборуна алып бардым. Жаман кабарга туш болдум. Ошентип бир үй-бүлөдө үч оорулуу адам жашап калдык. Жолдошум башында эле жашабайм деген. Үч жыл биз менен анализ тапшырып жүрдү. Жашап кетишибизге ишенген жок окшойт, бизди таштап, башкага үйлөнүп алды," — деди ооруга чалдыккан келин.
Айдайдын айтымында, ВИЧ илдетине төрөттөн кийин кабылган. Жолдошунан бул дарт аныкталган эмес.
"Азыр ойлоп көрсөм, мага илдет төрөт убагында ооруканадан жугуптур. Анткени мен улуу баламды өз маалында дени-карды соо жарык дүйнөгө алып келдим. Эгерде оору жабышса ай-күнүмө жетмек эмесмин. Экинчи жагдай, ошол күнү мени менен төрөгөн айылдаш келин дагы азыр ВИЧ илдети менен ооруйт. Текшерүүдөн кийин экөөбүздүн тең жолдошубуз таза чыккан. Анан биз билбей эле эмизе берип, дарт балага өтүшүп кеткен," — деди эне.
Учурда Айдай турмуштун оор сыноосуна сынбай, кыздары менен дарылануусун улантып келет. Айтымында, кыздары ооруга чалдыккандары тууралуу билишет, түшүнүү менен кабыл алышкан.
Каармандын кесиби медицина кызматкери болгондуктан Ош облустук СПИД борборунда консультант болуп иштейт. Күн сайын татаал тагдырга туш болгондорго кеп-кеңешин айтып, керектүү маалыматтарды берип турат.
Түштүк жергесинде кандын кургак тамчысы аркылуу ВИЧ диагнозун аныктоо кантип ишке ашып жатат?
Ош облустук СПИД борборунун "СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү" борборунун жетекчиси Элмира Нарматованын айтымында, 2006-2007 жылдары ВИЧ инфекциясынын энеден балага өтүү көрсөткүчү 40 пайыз болсо, учурда 3,5 пайызга чейин азайды. Дүйнө жүзүндө илдеттин энеден балага өтүү көрсөткүчү эки гана пайызды түзөт. Башкача айтканда, төрт жыл мурдагы кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоо методикасы ооруну тез аныктоого жана илдетти убагында дарылоого чоң жардам берди.
"2013-жылы кандын кургак тамчысы аркылуу ВИЧти аныктаган программа ишке киргенге чейин илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн балдардын дартын аныктоодо кыйынчылыктар болуп келген. Тагыраагы, мурда балдардын ВИЧ илдетке чалдыкканын билиш үчүн канын пробиркага сордуруп алып, учак аркылуу борборду көздөй жөнөтчүбүз. Чындыгында башкаларга жугуп калбайбы, кантип жетет деген кооптонуу күч эле. Биз ЮНИСЕФке жардам сурап кайрылганыбызда алар дүйнөдө кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап ыкмасын сунуштады. Мурда баланын кан-тамырын тешсек, азыр таманынан эле кан алып, аны өзүбүздүн вирусту аныктаган лабораториядан аныктап жатабыз," — деди Нарматова.
ВИЧ илдетинин энеден балага өтүүсүнүн алдын алуу иш-чаралары ЮНИСЕФтин техникалык жардамы жана ЮНЕЙДС аркылуу Россия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып келет.
Кандык кургак тамчысы аркылуу ВИЧти кантип аныкташат?
— ВИЧ инфекциясы бар келин төрөгөндөн 48 саат өткөн соң ымыркайынын канынын кургак тамчысын тапшыра алат;
— Кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧти аныктоо бир жашка чейинки балдар арасында жүргүзүлөт;
— Кан жакшы чыгыш үчүн таман, деги эле дене жылуу болууга тийиш. Бул үчүн бөлмө жылуу болгудай шарт түзүлүп, баланын таманына массаж жасалат;
— Кан тамган кагаз муздак жана караңгы жерде кургатылат. Жыйынтык чыгарууга шашылыш болбогон учурда кан тамган кагаз 30 күнгө чейин сакталат;
— Вирусту аныктаган лаборатория кан тамган кагаздын негизинде 24 саатын ичинде жыйынтык чыгарат;
ВИЧ менен жашаган бала: мен өлүп каламбы?
Ош облустук СПИД борборунда 400дөн ашуун бала каттого алынган. Статусун билген, башкача айтканда, илдети тууралуу кабардар болгон 140 бала бар. Алар лидер группа деп аталат.
Аталган борбордун психологу Мухаммаджан Ахмаджанов ВИЧ илдетине кабылган бала тогуз жашынан тарта абалы тууралуу кабардар болушу керек деп эсептейт.
"Бир жолу мындай учур болду. Ата-эне ооруга чалдыккан баласына дары берген сайын шолоктоп ыйлашчу экен. Баласы эч нерсени билбейт да. Анан "мен өлүп каламбы" деп сураптыр. Ошондуктан бала менен ата-энени да кошо психологиялык жактан даярдайбыз. Мен бала тогузга толгондо ага илдети тууралуу айтуу керек деп эсептейм. Башында ызы-чуу салып, кайгыга баткандар болот. Бирок бул жакка келгенде башкаларды көрүп, алаксыйт. ВИЧ менен жашоого мүмкүн, болгону дарыларды убагында ичип туруу керек", — деди психолог.
Ал балдардын статусун ачуу акыркы жылдары ЮНИСЕФтин колдоосу менен Ысык-Көлдө ишке ашып жаткандыгын кошумчалады. Адис көлдүн жанында баарлашуу психологиялык жактан ыңгайлуу экенин айтат.
Дүйнөдө жана Кыргызстанда ВИЧке кабылган эне-баланын абалы
Кыргызстанда 2017-жылдын январь айына карата ВИЧ илдеттүү балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 589га жеткен, алардын ичинен 417си антиретровирустук дарылануудан өтүп жатат. Жыл сайын ВИЧ менен ооруган аялдардан жүзгө жакын бала төрөлөт. Бирок медициналык мекемелерде эмчек эмген ымыркайлар жана кош бойлуулар арасында ВИЧтин алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет.