04:41 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Бешик. Архив

Экөөлөп көтөрбөйт, соодалашпайт! Бешикке карата 10 "болбойт"

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
286220

Бешик – кыргыз элинин байыртан келе жаткан баалуу буюмдарынын бири. Илгертен эле баланы бешикке салуу, бөлөө өзгөчө каада катары саналып, бешикке жатпаган наристе дээрлик болгон эмес.

Баланы бешикке бөлөөрдө эмнелерди эске алуу керек жана ага карата кандай нерселерди жасабаш керек? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов айтып берди.

Бала жатып жүргөн бешик сатылбайт. Атайын балага арналып алынган бешикти колдонгондон кийин кайра сатпаш керек. Кокустан бирөө сурап келсе, аларга сатпай жөн эле "кайра алып келип берет" деген таризде берип коюшкан.

Бешикти куру терметпейт. Куру терметилген бешик жамандыктын белгиси дешип, баласыз болуп калат, бала токтобой калат деген ишеним жашаган.

Бешикти жабуусуз калтырбайт. Бешиктин бети дайыма жабылып турушу керек. Бешиктеги баланын бетине айдын нуру да төгүлбөшү керек деп айтылып келет.

Куру калтырбайт. Ымыркайды алган соң аны куру калтырбай чүкө, бычак, ак пахта, арча салып коет. Бул ырым наристе кайра жатканча бешикти коруп турат деген максатта жасалган.

Баланы сол жагынан бөлөбөйт. Баланы бөлөрдө бешиктин оң жагынан бөлөп, кайра оң жагынан чечип алуу зарыл.

Бешик сатып аларда соодалашпайт. Бешик сатып алаарда устанын сураганын берет. Өз кезегинде уста да ашыкча акча сурабашы керек.

Бешикти аттабайт. Бешик наристе жаткан ыйык буюм катары эсептелгендиктен аны аттап өтүүгө, тепкенге болбойт.

Бешикти бут менен терметпейт. Бешикти бут менен терметип, тээп жылдыруу өз чүрпөңдү тепкенге барабар деп эсептелген.

Бешикти экөөлөп көтөрбөйт. Табытты көтөргөн сыяктуу деп бешикти эки адам көтөргөн эмес. Ошондой эле аны эки киши бир убакта терметпейт.

Бешикти өбөктөбөйт. Бала жаткан бешикке өбөктөп, күч салганга болбойт. Мындан сырткары, кичине балдардын анын үстүнө чыгып ойноосуна да жол бербеш керек.

Тема боюнча

Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Атыңдан айланайын сүйүнчү! Жөрөлгөнүн маани-маңызы
Белгилер:
бешик, каада-салт, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ