Салянова: ИИМ инимдин өлүмү боюнча шашылыш билдирүү жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин жүрүшү тууралуу маалымат айтылды

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Иним Улан Саляновдун өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги негизсиз, шашылыш билдирүү жасады. Бул тууралуу депутат Аида Салянова Жогорку Кеңеште Саялновдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иштин жүрүшү тууралуу маалымат берилип жатканда айтты.

Эскерте кетсек, Улан Салянов 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Саляновдун өлтүрүлүшүндө саясий боек жок экени айтылган.

Депутат Наталья Никитенко - Sputnik Кыргызстан
Никитенко: Саляновдун өлүмү боюнча ишти ЖК төрагасы өз көзөмөлүнө алышы керек
Депутаттарга аталган маселе боюнча ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат берди. Ал иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, изилдөөнүн учурдагы жүрүшү тууралуу учкай кеп кылды. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, кылмыш болгон жерден бир ок, эки гильза алынган.

Суроо-жооп маалында депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев бул ишти тыкыр иликтеп, кылмыш ишин саясий өңүттө же каракчылык мүнөздө болгонун так аныктоо зарылчылыгын билдиришти. Алардын пикиринде жеринде ок, гильза табылып, күбөлөр болуп жаткандыктан бул иштин бетин ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ал эми депутат Аида Салянова Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн бул кылмыш ишинде эч кандай саясий мүнөз жок деген билдирүүсү негизсиз, эмнегедир шашылыш болгондугун айтты. Ошону менен катар кылмыш ишинин айрым жагдайларына токтолуп, Ички иштер министрлигине кылмышкерлерди табуу талабын койду.

Улан Салянов 42 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0