Алмазбек Атамбаев мөңгү тууралуу оюн айтты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтор алтын кени. Архив
Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары акыркы маалымат жыйыны өтүп жатат

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Суу кодексине киргизилген өзгөртүү эки гана мөңгүгө — "Лысый" менен "Давыдовго" тиешелүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Атамбаевдин өлкө башчысы катары акыркы маалымат жыйыны өтүп жатат.

Анын айтымында, мөңгү боюнча документ ага келген.

"Мен БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөп жатып мөңгүлөр "Кумтөрдүн" айынан жок болуп жатат дегеним жок. Мен аба ырайынын глобалдык өзгөрүүсүнөн эрип жатат дегем. Кыргызстанда 6771 мөңгү бар. "Лысый" менен "Давыдов" мөңгүлөрү 23 жыл мурда эле иштетиле баштаган. Суу кодексине киргизилген өзгөртүү эки гана мөңгүгө — "Лысый" менен "Давыдовго" тиешелүү. Мен документти толук карап, изилдеп чыккандан кийин гана кол коём", — деди Атамбаев.

Ал, мындан тышкары, азыр уу калдыктары сакталган көлдүн тагдыры көп кабатыр кыларын айтып өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: 6 жыл ичинде согуш чегине жеткен мезгилдер болду
"Азыр "Кумтөрдү" алыш керек деп жатат. Эгер биз аны алсак, бузулган мөңгү менен уу калдыктары сакталган көл калат. Андыктан "Центтера" бул жактан акча жасагандан кийин өзү менен кошо уу калдыктар сакталган жайды да зыянсыздандырып кетиши керек", — деди президент.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгени колдоп берген.

Эгер өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, өтө зарыл болгон учурда мөңгүлөрдө казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Мындай кадам "Кумтөрдүн" токтоосуз иштеши үчүн киргизилип жатат.

Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0