Майыптардын реабилитациялык борборуна япон өкмөтү жабдуу берди

© Фото / пресс-служба МинсоцравитияТоржественная передача оборудования от Японии Центру реабилитации лиц с ОВЗ
Торжественная передача оборудования от Японии Центру реабилитации лиц с ОВЗ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор I, II, III топтогу 600дөн 700гө чейинки майыпка кызмат көрсөтөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Япон өкмөтү Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы майыптардын реабилитациялык борборуна 42,5 миң долларлык медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эми бул жабдуунун жардамы менен майыптарды маалында сапаттуу дарылоого шарт түзүлөт.

"Берилген жардам өз кезегинде социалдык чыңалууну азайтып, майыптардын коомдо өз ордун таап, кошумча каражат иштеп тапканга мүмкүнчүлүк түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Реабилитациялык борборго кардиоаппаратура, физиотерапия жана машыгуу үчүн тренажерлор берилген.

Учурда бул борбор I, II, III топтогу 600дөн 700гө чейинки майыпка кызмат көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0