БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мындан эки күн мурун Бишкектен жоголгон эки окуучу кызды Ош шаарынан көргөндөр бар. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине изделип жаткан кыздардын биринин эжеси Мээрим Тургуналиева билдирди.
13 жаштагы Сезим Тургуналиева жана 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда өздөрү окуган №28 мектепке кеткен бойдон кабарын билдирген эмес.
"Бүгүн Оштогу мейманканалардын биринин кызматчысы чалып кыздар ошол жерде түнөгөнүн кабарлады. Алардын жанында бирөө жарым бар-жогун айткан жок. Сүрөтүн гана жөнөттү. Ата-энелер милиция менен кошо Ошко жөнөп кетишти", — деди Тургуналиева.
Учурда кыздарды жакындары жана милиция издөөдө. Эгерде окуучуларды кимдир бирөө көрүп калса, (0704) 90-05-80, (0709) 68-10-19, (0772) 66-94-24, (0312) 56-60-43 же 102 номуруна чалып коюуну өтүнүшөт.
Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы окуя тууралуу кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.