Бишкекте эки окуучу кыз жоголду. Сүрөтү жана өзгөчө белгилери

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР?
Вопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, акыркы жолу кыздарды "Вефа" соода борборунан көрүшкөн

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Борбор калаада эки окуучу кыз жоголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Кластташтар 2004-жылкы Сезим Тургуналиева жана 2005-жылкы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда үйдөн чыгып, окууга кеткен боюнча дайынсыз. Кыздар №28 мектепте билим алчу. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека2004-жылкы Сезим Тургуналиева
Пропавшая Сезим Тургуналиева 2004 года рождения - Sputnik Кыргызстан
2004-жылкы Сезим Тургуналиева

Сезимдин өзгөчө белгилери: бою — 155-158 сантиметр, толугураак, кара, узун чачтуу. Кара түстө пальто жана юбка кийип жүргөн, бутунда жылуу мокасин. Окуучу кыз үйүнөн көк сумка асынып чыккан. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека2005-жылкы Азиза Мухамед кызы
Пропавшая Азиза Мухамед кызы 2005 года рождения - Sputnik Кыргызстан
2005-жылкы Азиза Мухамед кызы

Азизанын өзгөчө белгилери: бою — 155-160 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара, анча узун эмес. Кара юбка, кара көк куртка, бутунда ботинка кийип жүргөн.

9-ноябрда кыздар мектепке келген эмес. Күбөлөр аларды саат 14:45тер чамасында "Вефа" соода борборундагы кинотеатрдан көргөнүн айтышкан. Эки окуучу кыздын тең телефондору өчүк.

Учурда аларды жакындары жана милиция издөөдө. Эгерде кыздарды кимдир бирөө көрүп калса, (0704) 90-05-80, (0709) 68-10-19, (0772) 66-94-24, (0312) 56-60-43 же 102 номуруна чалып коюуну өтүнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0