БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Никенин үчүнчү жылы кыргызстандыктар үчүн кооптуу. Себеби дал ушул мезгилде ажырашкандардын саны арбын. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ар бир үчүнчү ажырашуу үч жыл чогуу жашагандарга туура келет. Ал эми алты үй-бүлөнүн ичинен бирөөсү 20 жыл түтүн булаткандан кийин "урайт". Ошондой эле 25 түгөйдүн бирөө бир жылга жетпей ажырашат.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жыл сайын ажырашкандардын саны 9 миңге жетет. Ураган ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн балдары жок.