Эртең Бишкектин бир топ аймактарында суу болбойт. Тизме

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСезонное отключение горячей воды
Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек суу канал" башкармалыгы элди сууну алдын ала камдап алууну эскертип, бул күнү 9.00дөн 20.00гө чейин берилбей тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы бир топ аймактарда эртең, 26-октябрда ичүүчү суу убактылуу болбойт. Бул туурасында "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.

"Түндүк" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу Күрөңкөев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев, Жаш Гвардия, Урицк көчөлөрү менен Ала-Арча аймагына суу берилбейт.

Андан сырткары, төмөнкү аймактар менен объектилерде суу берүү чектелет.

  • "Красный строитель";
  • "Көлмө";
  • "Ак-Тилек";
  • "Алтын-Бешик";
  • "Саламалик" конуштарында;
  • №№18, 33, 35 мектептерде, №12 бала бакчада;
  • Пакистан элчилигинде;
  • Автобекеттер менен автостанциялардын Чүй бирикмесинде;
  • Краснодончулар, 24 көчөсүндөгү Улуттук Гвардиянын штабында;
  • "Электросила" ишканасында;
  • Кургак учукка каршы шаардык ооруканада;
  • 41069 аскердик бөлүгүнүн аскер комиссариатында;
  • КРдин Илимдер академиясынын биотехнология институтунда;
  • "Химиялык завод" жеке ишканасында;
  • "Бишкек суу каналдын" атайын автобазасында;
  • Фере көчөсүндөгү "Бишкектурбазасы" туркомплексинде болбойт.

"Бишкек суу канал" башкармалыгы элди сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

Суу бул күнү 9.00дөн 20.00гө чейин болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0