БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевге балдардын жана чоңдордун онкогематология борборунун жаңы имаратын анын 62 жылдыгына карата куруп бүтүүнү тапшырды.
Атамбаев Онкология жана гематология улуттук борборунун жаңы комплексинин пайдубалын түптөө аземине катышып, жети кабаттуу имарат 2018-жылдын 17-сентябрына карата курулуп бүтүшү керектигин баса белгиледи.
"Бакыт, бул имарат менин туулган күнүмө карата бүтүшү керек. Сенин белегиң болот. Кийинки жылы мен президент болбойм, бирок эсимде болот. Азыр капсуланы салып жатабыз, эгер мөөнөтүндө бүтпөсөң сени көмүп коёбуз", — деп президент тамашалады.
Өлкө башчы мындай имараттын курулушу көңүл кубантарын, ошол эле учурда онкологдорго кайрылган мекендештер аз болсун деген тилегин билдирди.
Атамбаев Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчисине балдардын онкогематология бөлүмүнө телевизор алуу үчүн 150 миң сомдук сертификат тапшырды.
Жаңы имарат 150 орунга ылайыкташкан, алардын 100үн жаш бейтаптар үчүн бөлүү каралууда.