БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаада алты күн бою эмчек рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
21-октябрда дүйнөдө Эмчек рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет.
Буга байланыштуу 16-21-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун бейтапканасында жана Маммологиялык борбордо ачык эшик күндөрү өтөт. Кабыл алуу убактысы — 9.00дөн 14.00гө чейин.
Бул күндөрү аялдарга дартты өз алдынча аныктоо боюнча маалымат берилет. Текшерүү акысыз.