Кыргыз-казак чек арасында 70 жаштагы кемпир көз жумду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандары аны өз унаасы менен эле Токмок шаарындагы ооруканага алып жөнөгөндө, жолдон каза болуп калганы айтылды

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Казакстандык 70 жаштагы кемпир кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” көзөмөл өткөрүү жайына жакын жерде каза болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Сузак менен Аламүдүндө кырсыктаган эки унаа толугу менен күйүп кетти
Чек ара кызматынан каза болгон жаран чек аранын кыргыз тарабындагы кезек күткөндөрдүн арасында турбаганын айтышты. Ал жолдошу менен өз мекенине кирип бара жатып, көзөмөл пунктуна жетпеген жерден эсин жоготкон. 

Чек арачылар тез жардам чакырганы менен туугандары аны өз унаасы менен эле Токмок шаарындагы ооруканага алып жөнөгөндө, ал жолдон жан берген. 

Маалыматка караганда, анын кан басымы көтөрүлүп кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0