Чек ара кызматы кыргыз-казак чегиндеги азыркы абал тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация на КПП "Актилек - Автодорожный". 12 октябрь
Ситуация на КПП Актилек - Автодорожный. 12 октябрь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктуларынын иши жайлай түшкөнү маалымдалган

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктуларындагы абал тууралуу саат 13:30га карата алынган маалыматтарды таратты.

Ага ылайык, "Ак-Жол" бекетинде 250гө чейин киши кезек түтүп турат. "Кордайда" 25ге жакын жүк ташуучу жана башка автоунаалар бар. Ал эми Кыргызстан тараптагы шлагбаумга МАИ постуна чейин 200дөй оор жана жеңил автоунаалар кезек күтүп турат.

"Андан сырткары, "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде жөө адамдардын кезеги жок болгону менен 150дөй жүк ташуучу автоунаа турат. Казакстандын чек арачылары ар бир машинаны 30 мүнөттөн текшерүүдө", — деп айтылат маалыматта.

"Чалдыбар", "Токмок" жана "Чоң-Капка" көзөмөл пунтунда кезек күткөндөр жок, ал эми автоунаалардын саны 15тен 50гө чейин жетет.

Чек ара бекеттерине жакын жерге ӨКМ чатыр тигип, жолоочу, жүргүнчүлөргө ысык тамак жана медициналык жардам көрсөтүүдө.

Учурда Мамлекеттик чек ара кызматы жарандар менен автоунаалардын тез өтүүсү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы билдирүүдө айтылат.

Кыргыз-казак чек арасындагы учурдагы жагдай тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик түз алып берүүсүнөн окуп туруңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0