12:13 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
125 0 0

Психиатрия жаатындагы адис Ураимжан Исмаилов кыргыз коомчулугу эмне себептен психиатриялык жардамга муктаж болгон адамдарга туура мамиле жасаганды үйрөнүшү керектигин айтып берди.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар психиатрлардан жардам алуудан тартынбашы керек. Бул тууралуу Республикалык психикалык саламаттык борборунун директору Ураимжан Исмаилов билдирди. 

Директор Республиканского центра психического здоровья Ураимжан Исмаилов в ходе видеомоста
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Республикалык психикалык саламаттык борборунун директору Ураимжан Исмаилов

Эл аралык психикалык саламаттык күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда видео көпүрө болуп өттү.

"Көпчүлүк кыргызстандыктар психиатриялык жардам алуудан тартынышат. Ал эми коомчулук психиатрга кайрылган адамдарды сөөмөйү менен көрсөтүшөт. Жакын адамынын кылык-жоругу өзгөрүп калганын байкаган адам аны психиатрга алып келиши керектигин түшүндүрүүгө аракет жасап жатабыз. Ал эми жалпы коомчулук мындай адамдарга түшүнүү менен мамиле жасашы керек", — деди Исмаилов.

Видеоконференция Баку, Астана, Минск, Кишинев жана Бишкекти байланыштырды.

Тема боюнча

Россияда дарыгерлер баңгиликтен арылуунун жолун айтышты
Белгилер:
психиатриялык оорукана, адистер

ЭҢ МААНИЛҮҮ