Аалы Туткучев менен Асылбек Өзүбеков баштаган өнөрпоздор салыкчыларга тутулду

© Sputnik / Табылды КадырбековБланк добровольного патента. Архивное фото
Бланк добровольного патента. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлгөн

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда тейлөө кызматын көрсөткөн 67 ишкер салык мыйзамын бузгандыгын аныктады.

Үч күндүк рейд учурунда 17 ири коомдук тамактануу объектилери, сүрөткө, видеого тартуу, залды жасалгалоо, LED-экранды ижарага берүү боюнча жана оюн-зоок кызматтарын көрсөткөн (тамадалар, ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу) 124 субъект текшерүүгө алынган.

"Мында 57 субъект гана жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттерин көрсөтүшкөн. Ал эми 67 субъектиде уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жана башка документи жок болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Празднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ырчы-чоорчу менен тамадаларды чочуткан патент. Маселенин күңгөй-тескейи
Салык кызматы текшерүү жүргүзүгөн учурда ырчылардан Гүлжигит Калыков, Айгүл Чалова, Кундуз Таштаналиева, Руслан Абылов, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев, комузчу Назбек Кенчинбаев, опера ырчысы Бакыт Ыбыкеев, акын Аалы Туткучев, ырчы-тамада Асылбек Өзбүбеков жана башка бир топ ырчылар тийиштүү документтерин көрсөтө алышкан эмес.

Ошондой эле "Акак", "Кыз Кыял", "Ак Марал", "Назик" бий топторунун да документтери жок болуп чыккан.

Рейд учурунда "Тай Казан", "Сенатор", "Салтанат Пэлэс", "Империал", "Кайнар", "Ала-Тоо", "Салкын Төр", "Тагай Бий", "Дасмия", "Консул", "Фрунзе" кафе-ресторандары текшерүүгө алынган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө тамадалык кызмат көрсөткөн 33 субъектинин 15инде гана ыктыярдуу патент болгон.

Работа кафе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя
Ал эми оюн-зоок кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө алектенген (ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу), ошондой эле, залды жасалгалоо жана LED-экранды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөткөн 31 субъектинин алтоосунда гана ыктыярдуу патент бар экени аныкталган. Калган 25 субъектиде текшерүү мезгилинде уруксат берүүчү документтери жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0