Кайгуул милициясы атайын автоунааларга жолтоо болбоого чакырат

© Sputnik / Данияр СандыбаевРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы ошондой эле жөө адамдар дагы атайын машиналардын өтүп кетишине тоскоолдук кылбашы керек

БИШКЕК, 9-окт — Sputnik. Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгы жарандарды атайын транспорттун жүрүүсүнө жолтоо болбоого чакырат. Мындай билдирүү ИИМдин сайтында маалымдалат.

Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзүн "Роналду байке" деп тааныштырган кайгуулчу интернетти жарууда. Видео
Кайгуул милициясы "Маяк" рейдин өткөрүп, анда айдоочулар менен жөө адамдар Тез жардамды, өрт өчүрүүчү машиналарды жана милицияны өткөрбөй койгонуна күбө болушкан.

Айдоочуларга атайын кызматтын автоунаалары жакындаганда кандай аракет көрүү керектигин түшүндүрүп, жол бошотпогондорго 500 сом айып салынарын эскертти.

Ошондой эле жөө адамдар дагы атайын техниканын жүрүүсүнө жолтоо болбошу керек. Кайгуул милициясы машина жакындаганда жолду бошотуусу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0