Исаковдун Кочкорго сапарынан соң райондо жаңы суу кампасы курулмай болду

Жазылуу
Өкмөт башчысы Нарынга иш сапар менен барды

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна жасаган сапарынын алкагында Кочкор районуна барып, эл менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда таң эрте эл аралык Манас аэропортун капысынан барып текшергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков "Манас" аэропортун капысынан барып текшерди
Жергиликтүү калк менен жолуккан өкмөт башчысы "Жаңы доорго кырк кадам" деп аталган өкмөттүн программасы тууралуу айтып берип, элдин суроолоруна жооп узатты.

Программанын маанилүү багытынын бири — элеттин, аймактардын инфратүзүмүн жаңылоо жана экономиканы өнүктүрүү экендигине токтолду.

Ал Кочкор элин суу менен камсыздап турган "Тогуз-Булак" аймагындагы суу кампасын көрдү. 1993-жылы ашар жолу менен түтүк жаткырылып, эки кудук казылган. Тиешелүү системанын жоктугунан, суу хлорлонбой келе жатканы айтылды.

Исаков тиешелүү мамлекеттик органдарга элди ичүүчү таза суу менен камсыздай турган жаңы суу кампасын куруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0