Дүкөндөгү тоңдурулган азыктардын музу канча турат? Иликтөөнүн үрөй учурган жыйынтыгы

© AFP / HOANG DINH NAM Дүкөндөгү тоңдурулган тооктор. Архив
Дүкөндөгү тоңдурулган тооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи 1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар муз глазуру үчүн ашыкча каражат төлөбөшү керек. Жаңы эреже боюнча муздун көлөмү аз болушу шарт. Муну текшерип көрүү үчүн биз тоңдурулган азык-түлүктөрдү атайылап сатып алып таразага тартып көрдүк. Натыйжада күмөн жараткан жагдайлар пайда болду.

Тоңдурулган балыктагы муздун салмагы жалпы массасынын беш пайызын гана түзүшү керектигин билчү белеңиз? Бул тууралуу 1-сентябрда күчүнө кирген жаңы техникалык регламентте жазылган. Документке креветка дагы киргизилген.

Мындан ары тиешелүү талаптарга жооп бербеген балык азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү дүкөндөрдө сатылбашы керектиги айтылган. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери жакынкы супермаркетке барып, тоңдурулган азыктарды сатып алды.

Жүргүзүлгөн тажрыйбанын арты менен тоңдурулган азыктардын кайсынысынын берекеси жок экенин аныктап, рейтинг түзүүгө мүмкүн болду.

4-орун — тоок саны

© Sputnik / Даниил СулаймановТооктун эритилген түрү 3%на жеңилдеп калды
Тооктун эритилген түрү 3%на жеңилдеп калды - Sputnik Кыргызстан
Тооктун эритилген түрү 3%на жеңилдеп калды

Таңгактан чыгарылган тооктун салмагы 2 килограмм 80 граммды түзсө, музу эригенден кийин анын салмагы 60 граммга төмөндөдү. Муз, кан жана башка суюктуктар азык массасынын үч пайызын түздү. Демек тоок этинин 2 килограммы 402 сом турса, анын 12 сомун сыртка жөн эле "төккөн" болосуз.

3-орун — тооктун буту

© Sputnik / Даниил СулаймановЭритилгенден кийин жалпы салмагынын бештен бир бөлүгү жок калды
Эритилгенден кийин жалпы салмагынын бештен бир бөлүгү жок калды - Sputnik Кыргызстан
Эритилгенден кийин жалпы салмагынын бештен бир бөлүгү жок калды

Буттун музун эриткенден кийин анын салмагы 18 пайызга төмөндөдү. Тагыраагы 2,08 килограмм эттин 375 граммы "эрип" кетти. Мындайча айтканда 226 сомго сатып алынган эттен 41 сомду жоготтук.

2-орун — пангасиус балыгы

© Sputnik / Даниил СулаймановТоңун эриткенден кийин балык жалпы салмагынын 44%ын жоготту
Тоңун эриткенден кийин балык жалпы салмагынын 44%ын жоготту - Sputnik Кыргызстан
Тоңун эриткенден кийин балык жалпы салмагынын 44%ын жоготту

Балыктын музу эригенден кийин анын көлөмү кыйла кичирейип калды. Тагыраагы 44 пайызга, 780 граммдан 435 граммга "арыктап кетти". Ал эми жаңы техникалык регламент боюнча балыктагы муздун көлөмү эң көп дегенде 5 пайыздан ашпашы керек.

Пангасиустун 800 граммы 226 сом болсо, "жоготуу" 98 сомду түздү. Бул негизги сумманын жарымына жакынын түзөт.

1-орун — креветка

© Sputnik / Даниил СулаймановЭритилген креветканын салмагы 43%га жеңил болуп калды
Эритилген креветканын салмагы 43%га жеңил болуп калды - Sputnik Кыргызстан
Эритилген креветканын салмагы 43%га жеңил болуп калды

Техникалык регламентке ылайык, креветканын музу жалпы массанын 7 пайызын түзүшү керек. Бирок биз эксперимент жүргүзгөндө креветкадагы муз эригенден кийин анын салмагы 43 пайызга төмөндөп кетти! Тагыраагы, 490 граммдык азык 280 граммга төмөндөдү.

Буга ылайык 485 сомго сатып алынган креветкадан 200 сомду жөн эле ыргытып ийгендей болдук.

Соода борборунун өкүлдөрү кат аркылуу айып дүкөндө эмес, продуктуну чыгарган компанияда экенин билдиришти.

"Соода түйүндөрүнө сатууга ылайыкталып, даярдалган продуктулар келип түшөт. Биздин борбор тоңдуруу процессине катышпагандыктан ага эч кандай тиешеси жок", — деп расмий катта айтылган.

Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
Ошондой эле товарлар бардык тийиштүү документтери менен келгендиктен соода борборунун "нормага жооп бербейт" деп айтууга укугу жок экени белгиленген.

"Мындай бүтүмдү текшерүү үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек. Бирок буга биздин укугубуз, техникалык каражатыбыз, ошондой эле каттоодон өткөн лабораторияларыбыз жок", — деп катта белгиленген.

Анткен менен мыйзам боюнча техникалык эрежелердин сакталышына сатуучу жооп бериши керектигин "Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник билдирди. Анын айтымында, сатып алуучу мындай товарды дүкөнгө кайтарып гана койбостон, акчалай дагы жоопко тарта алат.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник
Президент единого правового центра Вигенс Владимир Плужник - Sputnik Кыргызстан
"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник

"Айрым жарандар товар үчүн берген каражатын кайтарып алуу менен дүкөнгө чейин келген жол киресин жана моралдык чыгымын кайтарып алышат. Буга КРдин "Керектөөчүлөрдүн укугу" жөнүндөгү мыйзамы жол берет", — деди юрист.

Учурда өтө тоңдурулган балыктар менен креветкаларды чыгарган өндүрүүчүлөр менен сатуучуларга жаза каралган эмес. Бирок мындай күрүнүш көпкө созулбай турганын Экономика министрлигинин техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шабданов билдирди.

"Буга чейин бизде ЕАЭБ алкагындагы башка мамлекеттердей эле мындай нормалар жок болчу. Регламент эми гана күчүнө кирип, ыйгарым укуктуу орган иш алып бара баштады. Системаны жөнгө салыш үчүн дагы убакыт керектелет. Андан кийин гана Административдик кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, эреже бузгандарга жаза каралат", — деди чиновник.

Үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта Кыргызстандын аймагында 18 техникалык регламент күчүнө кирди. Ага ылайык, лифттерден балдар оюнчугуна чейин текшерүүгө алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0