Кечээ ызы-чуу салган уй 91 жаштагы кемпирдин да акырегин сындыра сүзгөн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУй. Архив
Уй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качкан уй 51 жаштагы дагы бир аялды сүзгөн

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кечээ Бишкектин чок ортосунда ызы-чуу салган уй 91 жаштагы пенсионерди дагы сүзүп салганы белгилүү болду. Жабыркаган кемпир кечээ кечинде Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилгендигин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Пенсионер саат 17:00дө ооуканага жеткирилди. Дарыгерлер карап чыгып, акыреги сынып кеткенин аныкташты. Травматология бөлүмүнө жаткырылган оорулуунун абалы учурда канааттандырарлык", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ күнү Бишкекте уй унаа жолго чыгып, бир аялды сүзүп салган.

Ал дагы ооруканага жеткирилип, бирок жаракаты жеңил болгондуктан, амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0