18:32 31 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12010

Шейшемби күнү алгачкы үч сааттын аралыгында Аламүдүн базарынын аймагынан техникалык талапка жооп бербеген 10 микроавтобус аныкталган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы 2018-жылдын 1-январына чейин эл ташыган микроавтобустарды текшере турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Шейшемби күнү алгачкы үч сааттын аралыгында Аламүдүн базарынын аймагынан техникалык талапка жооп бербеген 10 микроавтобус аныкталган.

Протоколдордун басымдуу бөлүгү унаанын туура эмес жерге токтогону үчүн түзүлгөн.

Атайылаштырылган унаа токтотуучу жайга киши ташуу боюнча талаптарга жооп бербеген эки маршруттук микроавтобус киргизилди. Коомдук транспорттун айдоочулар курамынын арасында жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду.

Тема боюнча

Бишкекте эл ташыган маршрутка эки унаа менен сүзүшүп 11 адам жаракат алды
Бишкекте жол кире кымбаттабай калды
Белгилер:
рейд, микроавтобус, Кайгуул милициясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ