12:21 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бизнесмен Эркин Джаманбаев

Долбоорум ишке ашпай, 700 миң доллар чыгым болгом. Кыргызстандык ишкердин баяны

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Светлана Федотова
158610

Борбор калаанын Тез жардам дарыгери кантип Кыргызстандын мыкты бизнесмендеринин бирине айланган, ошондой эле өлкөгө инвесторлорду кантип тартуу керек, жеке иш баштоого кайдан каражат табууга болорун Эркин Жаманбаев айтып берди.

Эркин Жаманбаевдин турмушу тууралуу китеп жазып же кино тартууга да болот. Бирок андайга алыбыз жетпегендиктен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова ишкер менен жөн гана баарлашып, баянын окурмандарга сунуштап турган чагы.

— Сизди көпчүлүк кыйын ишкер жана абадан акча жасаган адам катары тааныйт. Бирок чалынып, мүдүрүлгөн убактар да болгондур, чынбы?

— Ооба, бир кезде досторум Казакстанда бизнес баштоону сунуштап калышты. Акча да, тажрыйба да бар, эмнеге болбосун дедим. Бизнес жасоо үчүн аймакты тандап алып сегиз ай даярдандык, баарын туура, так жасадык — стратегиялык план, таанытуу жобосу деги койчу… Акыры рынокко чыктык, бирок баары биз пландагандан башкача жүрдү.

Лаборатория ачуу үчүн эң соңку медициналык жабдыктарды сатып алганбыз. Ал аймакта атаандаштык алсыз эле. Баары долбоордун ийгиликтүү болушуна алып бараткан, айрыкча ал аймакта андай бир дагы лаборатория жок болчу. Тургундар Алматыга барып анализ тапшырууга аргасыз болуп келишкен. Ошондуктан бардык болжолдор боюнча долбоор кирешелүү болууга тийиш эле. Бирок кеп башкада болуп чыкты — көрсө ал аймактын баалуулуктары өзгөчө экен.

Бейтаптарга жакшы анализ керек болсо, дарыгерлер ал анализди жазып берүү үчүн пара алышат экен.

Ооруканалардын бириндеги дарыгер мага "бизге силердин ПЦР-анализ жана иммуноглобулиндериңердин эмне кереги бар? Мен беш антибиотиктин аралашмасын жазып, эмне болбосун тазалап кое алам" деди.

Ишибизге өтө бийик эмес баа дагы, Алматыга чейин барууга зарылчылыктын жоктугу да көмөкчү боло алган жок. Ишти 2011-жылы баштаган болсок, 2015-жылы ал жактан кетүүнү чечтим.

— Канча каражат салдыңыз эле?

— 700 миң доллардын тегерегинде.

— Канча?! Кийин анча каражатты кантип төлөп кутулдуңуз?

— Башында жарым миллион доллардын тегерегинде болчу, кийин дагы 200 миң керек болду. Дайым тунук каржылык схемасын жүргүзөм, инвесторлор баарын көрүп-билип турган. Дал ошол себептен, иш оңунан чыкпай калганына карабай, ортобузда ишеним сакталып калды.

Инвестор менен ишкердин ортосунда дайыма кооптуулук болот. Тилекке жараша 90-жылдар артта калды — мурда мындай иш үчүн өлтүрүшчү, "пайыз жүктөп" коюшчу. Учурда көп нерсе жакшы нукка өзгөргөн.

— Жаш дилгир адам жеке ишин баштоого кайдан акча алса болот?

— Баарынан жаманы — насыя алуу. Эгер сенин насыялык тарыхың, күрөөгө койчу мүлкүң болбосо, анда бул – натыйжасыз жана абдан татаал жол. Ага кошумча жүрөк өйүткөн пайыздык үстөгү бар.

Бизде каражатын кайда катаарын билбеген жеке инвесторлор арбын. Алардын акчалары чаң басып эле жатат, ошол адамдар капиталын кайда салууну издешет. Бирок негизги кеп сизге жана сиздин долбооруңузга болгон ишенимдин бар-жогунда.

Бизнесмен Эркин Джаманбаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ишкер Эркин Жаманбаев: эгер өлкө ичиндеги бизнес туурасында айта турган болсок, сунуш аз, анткени инвесторлор болбогон суммадагы акча салгылары келбейт. Миллиондор турганда 100 доллар аларга эмне болуп калыптыр. Ал эми миллион долларга Кыргызстанда бизнес ойлоп табуу мүмкүн эмес

— А инвесторлорго биз эмне сунуштай алабыз?

— Эгер өлкө ичиндеги бизнес туурасында айта турган болсок, сунуш аз, анткени инвесторлор болбогон суммадагы акча салгылары келбейт. Миллиондор турганда 100 доллар аларга эмне болуп калыптыр. Ал эми миллион долларга Кыргызстанда бизнес ойлоп табуу мүмкүн эмес. Мындай каражатка долбоор баштоого мүмкүнчүлүк болгон күндө да, саясий туруксуздук абалдан улам баарын жоготуп алуу коркунучу бар. Эгер кайсы бир аралдан вилла алып коюп, 10 жылдан кийин ошол эле акчага сатуу оңой болуп турса, башка тобокелге баруунун кандай зарылчылыгы бар? Жообум ушул.

Негизи эле Кыргызстанда инвесторлор ар кыл: тез акча самагандар жана узак убакытка каражат салгандар да бар. Кайсы тармак экени маанилүү эмес, болгону ошол багыт күлгө айланып кетпейби, аларга ошол маанилүү.

— Азыр сиз ийгиликтүү жана белгилүүсүз, жаш кезиңизди, баары жаңыдан башат алган убакты эстесеңиз…

— Союз ураган, бейтаптарды дарылоого каражат, дары-дармек жок. Маяна ордуна кийим берет, аны базарга алып барып, тамакка же сага зарыл буюмга алмаштырасың.

Кийин реанимациядагы лаборатория башчысы экөөбүз баарын таштап, жумуштан кетүүнү чечтик.

Толтура гезит сатып алып, бирибиз "сатып алам" деген бурчту, экинчибиз "сатам" дегенин карап чыктык. Анысына да, мунусуна да чалып чыгып, айырмасынан акча жасап алдык. Андан соң бир кызыгыраак ишке – Колорадо коңузуна каршы уулуу химикаттарды таркатуу жана бодо мал сатуу менен алектенүүгө өттүк…

Кийин Минскиден Кыргызстанга компьютер ташый баштадык. Атүгүл компьютерди жыйноо цехин Кыргызстанда ачуу сунушун да алдык. Бирок банк аркылуу төлөм тутуму ишин токтоткон маалда биздин иш да көмүлдү.

Себеби бир канча ишкана аркылуу татаал операцияларды жүргүзүп, атургай поезд менен 50 миллион рублдеп ташууга туура келип калган. Криминал агезде укмуш эле. Мындан улам ишти жаптык.

Ошондон кийин акча алмаштыруу жагына ооп кеттим. Жергиликтүүлөрдөн рубль чогултуп, Москвага учкуч аркылуу жөнөтүп, ал жактагы кишибизге тапшырат, ал долларга айырбаштап, кайра ошол эле учкучтан Бишкекке берип жиберчү.

Дал ушундай нукта иш Москвадагы кишибизди бизди сызга олтургузган ири суммадагы акча менен өлтүрүп кетишкенче уланды. Бардык акча алмаштырчуларга өзүбүз төлөп берүүгө аргасыз болдук. Товар-сырье биржасында да иш алпарганым болду.

— Булардын баарына канча жыл сарпталды?!

— Бир нече гана жыл. Акча табыш керек болчу. Бир бандит менен экинчи бир бандиттин эбин таап кутулуудан жадаганымда бизнестен четтеп, таксист болуп алдым. Бирок кашайып машинам бузулуп калбадыбы. Анан айла жок базарда шахмат ойноп акча таба баштадым. Үч рубль таба алчумун. Республиканын шахмат боюнча чемпиондоруна туш келгенче иш жакшы эле бараткан. Тилекке каршы, аларды жанынан таанычу эмесмин да.

Балалыктан берки досторум мезгилдүү басма сөздү таркатуу долбоорун жетектөөгө чакырышты. Ал убагында белгилүү болгон "Басма сөздүн" бир түрү болчу, "Береке пресс" деп аталчу. Бул тутумдун бардык ишин уюштуруп чыгышым керек эле. Эки жылда баарын курдук, бирок мага абдан суз иштей сезилди.

— Эл аралык уюмдарда иштедиңиз, жакшы кызматтарды ээлеп турдуңуз. Ал жактарга орношуу кыйын болду беле?

— "Вечерка" басылмасынан USAID долбооруна программа башчысы керек экенин окуп калдым. Резюмемди алып бардым. Эки күндөн кийин дагы бирди алып келишимди айтып чалышты. Ошентип, алты жолу чакырышты. Акыры чыдабай "аларга кагаз эле керек окшойт, ошондой болсо ачык айткыла" дедим. Көрсө ал орунга ал жактагы бир кызматкер да кызыгып, резюмелердин баарын карап, ылайык келгендериникин ыргытып салып жатыптыр. Ал эми бир кесиптеши аны жактырчу эмес экен, ыргытылган резюмелердин ээлерин кайра чакыра бериптир. Костюмум да, көйнөгүм да жок эле, интервьюга свитерчен, сакалчан баргам. Соңунда сынактан жеңип кеттим.

Эки жылдан кийин иш ордунан жылбай тургандай сезилди. Кийин голландиялык фонддун аймактык директорунун орду боюнча жарыя көзүмө чалынып калды. Чалдым, баарлашууга чакырылдым. Убакытты жаңылыш жаттап алып, төрт саатка кечигип бардым. Оор суроолорду жаадырышты, бирок кабыл алындым. Кийинчерээк Казакстан аймагы да мага жүктөлдү.

Ошондо бейөкмөт уюмдар менен бет келишип калдым, мындай уюмдардан көңүлүм калган.

Колумнист Эркин Джаманбаев в студии во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ишкер Эркин Жаманбаев: эки революция биздин ишти абдан аксатты. Ошол кризистерди жеңе алганыбыз менен зериге баштадым. Ишкерлерде бирдей көйгөй бар – тоту куш сымал күндө эле бир нерсени кайталай бересиң

— Эмнеге? Ал жакта маяна жакшы, тескерисинче андай иш көбүн кызыктырат.

— Дал ошол үчүн. Көпчүлүк учурда бейөкмөт уюмдар – кимдир бирөөлөрдүн каражатын "жеген" аянтча. Бул туурасында ачык айта баштаганымда түшүншпөй, "баарына жакшы болуп жатса, эмнеге козголоң чыгарып жатат" деп таңгала карашчу.

Кетип калдым. Кеңеш берүүчү ишкана ачтым, ошондон тарта башкаруу боюнча консалтингде иштеп жүрөм. Рынокто чындап тоону томкоро алган мыкты жана ынтаалуу жаштардан турган командам бар эле. Практикалык менеджер мектебин, бизнес-академиясын, ишкер жаштардын дайджестин түздүк. Кыргызстан, Казакстандын ири ишканалары менен кызматташтык. Лондондо өз компаниябызды ачууга үлгүрдүк.

Максатыбыз эл аралык консультациялык уюмдардын жармакташ-келишимчилердин алдынан чыгуу болчу. Биз бул рыноктун "Прагмент" өңдүү алптары менен атаандашып, КМШ мамлекеттеринде ири долбоорлорду утуп жүрдүк.

Бирок эки революция биздин ишти абдан аксатты. Ошол кризистерди жеңе алганыбыз менен зериге баштадым. Ишкерлерде бирдей көйгөй бар – тоту куш сымал күндө эле бир нерсени кайталай бересиң.

— Мындайды уга элек элем. Адатта адамды акча шыктандырат го, а сиз жакшы, маянасы жогору иштен чыгып, башкасын да таштап кете берген экенсиз…

— Билем, мага муну айрыкча иштен кетип жатканымда көп айтышат. Мындай карасаң, сага андан артык дагы эмне керек?

Консалтингден биротоло кеткен жокмун. Бирок убактымдын көбүн кыр арканы дарылоого жумшап келе жатам. Мурда күрөшкө катышчумун. Омурткаларымды ошондон улам кокустатып алгам, дээрлик 90-жылдардан тарта эле дарыланып, бирок натыйжасыз эле.

Дүйнөнүн жарымын кыдырып жүрүп дабаасын бир нече ыкманын бирикмесинен таптым. Азыр жабдык сатып алып, атайын бул багытта окуп, өз тажрыйбамдын негизинде башка бейтаптарга жардам берүүнү чечкем. Мен сунуштаган дарылоо Кыргызстандагы көптөгөн борборлордукунан алдаканча натыйжалуу. Бирок акысы да башкалардан жогору.

— Жакынкы 5-10 жылда эмне менен алектенгиңиз келет?

— Кандайдыр бир дарт мектеби тууралуу ойлонуп жүрөм — адамдар дары иче беришет, врачтарга чуркашат, маанисиз операцияларды жасаттырышат, а оорусу айыкпайт.

Payne Management — өлкөбүздө өрчүткүм келген нерсе. Ден соолук көйгөйү биз өз организмибизге кулак салбаганыбыздан улам келип чыгат. Бул мектепте мекендештердин жашоо сапатын жогорулатчу жөпжөнөкөй чындыктар түшүндүрүлөт.

Тема боюнча

Нуржан Ташполот кызы: маек алчу кишим "сиз жанагы Барбисизби" десе, чочуп кетипмин
Елизавета II менен Барак Обаманы "багынткан" бишкектик профессор
Белгилер:
ийгилик, банкрот, инвестор, бизнес, медицина
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ