Калпты аныктоочу адис Камчыбеков: ич кийимине алтын каткан аялды алыстан билгем

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков
Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттик кесибимде биринчи жолу профайлер-верификатордон интервью алдым. Ал кишини мимика жана кол жаңсоолорунан калпын аныктай турган адис.

Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Терактынын алдын алууга болобу? Чекисттин кеп-кеңеши
Арсланбек Камчыбеков — ИИМ Академиясында жана башка юридикалык окуу жайларда психология сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. Милициянын отставкадагы подполковниги. Калпты аныктоону профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү үчүн өзүнүн айтымында, Москва шаарындагы калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган.

Кыргызстан үчүн жаңы кесиби тууралуу Камчыбеков Sputnik агенттигине маек куруп берди.

— Калпты эч кандай аппараты жок кантип аныктайсыз?

— Адамдын мимикасын, кыймыл-аракетин, колунун жаңсоолорун карап туруп көп маалымат алса болот. Негизи кишилер байкабай эле өздөрү жөнүндө көп нерсени билдирип коет. Мисалы, калп айтып жаткан адамдын денесинин сол тарабы көбүрөөк кыймылдап калат. Бирөөгө суроо берсең, анын кареги өйдө карап ойлоно башташы мүмкүн. Бул эс-тутумундагы маалыматты чубап жатканы. Эгер ошол маалда карек оң жакка бурулса чындыкты, сол жакка бурулса калп айткандын белгиси. Бетинин сол жагындагы булчуңдар билинер-билинбес кыймылдап, жүзүндө асимметрия пайда болот. Сол колу көбүрөөк кыймылдап, жаагын, мурдун, мойнун кармалай берет. Мындай жол менен адам өзү аңдабай эле өзүн сылап-сыйпап жооткотууга аракет кылат. Бул эң жөнөкөй мисалдар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков: адамдын мимикасын, кыймыл-аракетин, колунун жаңсоолорун карап туруп көп маалымат алса болот. Негизи кишилер байкабай эле өздөрү жөнүндө көп нерсени билдирип коет
Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков: адамдын мимикасын, кыймыл-аракетин, колунун жаңсоолорун карап туруп көп маалымат алса болот. Негизи кишилер байкабай эле өздөрү жөнүндө көп нерсени билдирип коет

— Бул кесипке кандайча келип калдыңыз?

— 2001-жылдан баштап ИИМ академиясында юридикалык психологиядан сабак бердим. Мени сурак учурундагы адамдын психологиясы абдан кызыктырчу. Ошондон улам билимимди тереңдетейин деп профайлинг боюнча сабак алдым.

— Кардарларыңыз кимдер?

— Азырынча ири кардарлар — "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору. Негизи эле биздин иштин эң чоң тармагы — авиациялык профайлинг, аэропорттогу жана учактагы коопсуздукту көзөмөлдөө. Мен алардын кызматкерлерине сабак өтүп келем.

— Көзөмөл учурунда кандай кызыктуу окуялар болот?

Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала кача коем деп 12 жылга кесилип кетти... Абак кызматкерлери менен маек
— Мисалдар көп эле. Бир жолу аэропорттордун биринде текшерүү маалында көзүмө бир аял дароо урунду. Байкасам пайгамбар жашына жакындап калган. Бирок дене түзүлүшү 60 жаштагы аялдыкына окшобойт. Өзгөчө көкүрөгүнүн формасы шек жаратты. Кызматкерлерге ушуну жакшылап байкагыла десем, алар кадимкидей эле аял, эч нерседен күмөн санаткан жок деп коюшту. Анын кезеги жеткенде текшерүүчү ал аялдын көкүрөгүн сыйпалады эле, колуна катуу бир нерсе урунду. Бул эмне деп сураса, силикон салдыргам дейт. Жашы өтүп калган аялдын төшүнө силикон салдырышы таң калычтуу болуп, кийимин чечүүсүн суранышты. Ошол жерден ал аял ич кийимине толтура алтын буюмдарды салып өтүп бара жатканы аныкталды.

— Өз кызматыңыз үчүн кандай акы аласыз?

— Ал сыр бойдон калсынчы. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовПрофайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков: жакындарга профайлингдин ыкмаларын колдонбогонго аракет кылам. Анткени бизде калп айтууга укук деген түшүнүк бар. Дегеним ар бир адам жөн гана жагдайды көркүнө чыгаруу үчүн эч кимге зыяны тийбеген калптарды бат-баттан айтып турат
Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков: жакындарга профайлингдин ыкмаларын колдонбогонго аракет кылам. Анткени бизде калп айтууга укук деген түшүнүк бар. Дегеним ар бир адам жөн гана жагдайды көркүнө чыгаруу үчүн эч кимге зыяны тийбеген калптарды бат-баттан айтып турат

— Сизге бир нерсени ачык айткысы келбеген жакындарыңызга оор эле болсо керек?

— Жакындарга профайлингдин ыкмаларын колдонбогонго аракет кылам. Анткени бизде калп айтууга укук деген түшүнүк бар. Дегеним ар бир адам жөн гана жагдайды көркүнө чыгаруу үчүн эч кимге зыяны тийбеген калптарды бат-баттан айтып турат. Ошондуктан бардыгын көрүп-билип турсаң дагы көп нерсеге көз жуумп коюуга туура келет. Кесибимдин пайдасы — ар кандай кыймыл-аракетинен улам жанымдагы адамдардын эмоциялык, психологиялык абалын билип турам. Мисалы, сиз азыр бир колуңуз менен экинчи колуңузду кармалап жатасыз. Муну менен өзүңүздү колго алууга аракет кылуудасыз.

— Бул жерде мен даярдап алган кызыктуу бир нече суроолор бар. Арасынан кайсынысын биринчи берсем деп бушайман болуп аткандырмын.

— Балким.

— Тилекке каршы, бүгүнкү күндүн №1 көйгөйү террорчулук болуп турат. Андайларды көпчүлүктүн арасынан кантип билсе болот?

— Мындай адам басканынан эле байкалат. Булардын басыгын орусча "деревяная походка" деп коет. Анткени коркконунан дене бою кысылып, жыгач сымал "катып" калат. Эгерде диний экстремисттер болсо, алар өлүмдүн алдында өздөрүн тазалап, сакал-мурутун алып же тегиздеп, өзгөчө тыкан болуп калышат. Үчүнчүдөн, эмоциясыз көз карашы, баарына кайыл болуп, эптеп эл көбүрөөк жерге жетиш керек деген максатты көздөйт. Төртүнчүдөн, алаңдап айлананы карай берет. Анткени булар милицияны издешет. Бешинчиден, кол булчуңдарына караш керек. Анча чоң эмес сумкасында бомба же курал сыяктуу оор нерсе болсо, булчуңу чыңалып, тамырлары көөп чыгат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАрсланбек Камчыбеков: адам эмоциясын мыкты өздөштүргөн театр же кинонун актерлору профайлерди алдап кетиши мүмкүн
Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Арсланбек Камчыбеков: адам эмоциясын мыкты өздөштүргөн театр же кинонун актерлору профайлерди алдап кетиши мүмкүн

— Кеңешиңизге рахмат! Бирок террорчу менен бир жерде болуп калуудан кудай сактасын. Айтсаңыз, профейлерди алдап кеткен амалкөйлөр болобу?

— Ооба, адам эмоциясын мыкты өздөштүргөн театр же кинонун актерлору алдап кетиши мүмкүн.

— Телефон аркылуу айтылып жаткан калпты аныктай аласызбы?

Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
Мүрзөлөрдү казып, өлүктөрдү зордуктаган бишкектик аңги тууралуу баян
— Телефондо калп айтуу өтө жеңил, анткени адамдар бири-биринин көзүн көрбөйт. Бирок үндүн ыргагынан, бат-баттан болгон тыныгуулардан улам билип койсо болот. Мындан тышкары, калп айтып жаткан адамдын үнү сүйлөмдүн аягында катуураак чыгып калат. Негизи телефондогу калпты аялдар бат аныктап коет (күлүп). Өзүм жөнүндө айтсам, мурун-кийин тааныш адамдардын калпын билип коем. Такыр билбеген адамдын калпын кармоо татаалыраак.

Жаңылыктар түрмөгү
0