Кыргызстандын муфтияты Мьянмадагы абал боюнча өз кайрылуусун жарыялады

© REUTERS / DANISH SIDDIQUIКонфликт между рохинджа и коренным населением в Мьянме
Конфликт между рохинджа и коренным населением в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда жарандарды социалдык тармактар аркылуужасалып жаткан чагымчыл аракеттерге алдырбоо керектиги айтылат

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын муфтияты Мьянмадагы абал боюнча өз кайрылуусун жарыялады.

Аталган кайрылууда эл аралык уюмдардан тез аранын ичинде бул зулумду токтотуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү талабы айтылат.

"Кыргызстандын бийлик жетекчилигине Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун Мьянмадагы мусулмандардын укугун коргоо боюнча айтылып жаткан талаптарына түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Ошондой эле ушул маселенин негизинде өлкөдө чыр-чатактар чыкпоосу жана ар түрдүү күчтөр тарабынан жаштарыбыздын колдонулуп калбоосу үчүн тиешелүү чараларды көрүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деп айтылат кайрылууда. 

Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Мьянмадагы кырдаал. Кыргызстандыктар эмнеге дүрбөдү?
Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын окуяларды тарапсыз жана акыйкат чагылдырууга, мамлекеттик коопсуздукка залал келтире турган маалыматтарды таратпоого чакырык ташталган.

Андан сырткары учурда социалдык түйүндөр аркылуу аты-заты белгисиз жарандар тарабынан Мьянмадагы маселеге байланыштуу ар-түрдүү чакырыктар жасалып жатканы, мындай козутууга азгырылып кетпөө керектиги билдирүүдө айтылат.

Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет.

Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0