Соцтармак кызыктары: наркы кеткен наам, Түмөнбайдын "дүмбүл саткан сары кызы"

© Sputnik / Жоомарт УраимовВидео из видеохостинга Youtube
Видео из видеохостинга Youtube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жумада катар-катар майрамдар болуп шаан-шөкөттөн башыбыз чыкпай отуруп калдык. Бири ырдаса, экинчиси бийлеп, үчүнчүсү наамга жетип, кыскасын айтканда, түзүк эле шапар тептик. Бул күндөрү кыбыр эткенди кучагына камтыган социалдык тармактар да ар кандай кызыктарга байып отуруп калды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Майрам башталбай жатып эле эмгеги элине сиңе элек адамдарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылып кетти деп коомчулук бир чуу түштү. Ага карабай удаа келген майрамдар өз нугунда өтүп жатты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада социалдык тармактардагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Башка тилде төккөн акын. Айтылуу акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналып кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Анда Идирис Айитбаевдин беш тилде саптарды сабалатканы көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү.

2. Астананын алкоосуна татыган Атай. Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн "Адем" бий тобу менен Астанада өнөрүн тартуулады. Бул күнү ЭКСПОдо Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы белгиленген.

3. Сыйлыктар сыйгаланып баратабы?.. 30-август күнү президенттин сайтына Мамлекеттик сыйлыкка татыган адамдардын аты-жөнү жарыяланды. Андагы тизме бирин кубантса, бирин бозортту. Ошол эле учурда жакасын кармап отуруп калгандар да четтен чыкты. Мындан улам кыл кыякчы Залина Касымова сыйлыктар кайсы жерде сатылып жатканына кызыккан.

4. Элдин балдары эмгегин сиңирди. Бул жолу берилген сыйлыктар айрым ырчыларды кандай чыгарма жазса наамга жеткирерин түшүндүрүп койду. Андыктан жакында Түмөнбай Колдошев "Дүмбүл саткан сары кыз" деп ырдап чыкса таң калбагыла.

5. Ушул ырчыга да наам берип коёлубу?.. Ваннаны сахнага айланткан жеткинчектин талантына баа бериңиз.

6. Досуна ийгилик каалаган актер. Жакында премьер-министр болгон Сапар Исковду Голливуд актеру Стивен Сигал жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал Исаковдун өкмөттү жетектеп калышына абдан кубанганын жашырган эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Айт-намаз на старой площади Бишкека

7. Айт намаздан укмуш сүрөт. Sputnik Кыргызстан агенттигин фотокабарчысы Табылды Кадырбеков Курман айт намазы учурунан кооз ирмемди кадрга түшүргөн. Кызык, бул бала жалгыз өзү туруп алып эмне жөнүндө ойлонуп жатты экен…

8. Добушуңду саткандан кийинки абалыңды элестетет. Жакында президентти шайлайбыз, шайлоонун шайтан оюндарына азгырылып кетпеш үчүн видеону көрүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0