Австриялык жазуучу Даниела Эммингер Кыргызстан тууралуу роман жазды

© Sputnik / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы. Архив
Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өзүнүн романы аркылуу австриялыктарга Кыргызстандын керемет жерлери жана өзгөчө эли тууралуу маалымат бергиси келерин айткан

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Австриялык жазуучу Даниела Эммингер Кыргызстан тууралуу роман жазды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кантип өткөрөрүн талкуулады
Даниела Эммингер беш китептин автору. Буга чейин немис тилдүү өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктарынын лауреаты. Ал учурда Кыргызстан тууралуу романын немис тилинде басып чыгаруу алдында турат.

Даниела биздин өлкөгө 2015-жылы келген. Бул убакыт аралыгында жазуучу өлкөнүн булуң-бурчун кыдырып чыккан. Аны бир гана кооз табият эмес, "Манас" эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дагы суктандырган.

Ал өзүнүн романы аркылуу австриялыктарга Кыргызстандын керемет жерлери жана өзгөчө эли тууралуу маалымат бергиси келерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0