Бишкекте "Каракчылыкка жол жок" аттуу акция өтөт

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүПираттык дисктерид жок кылуу. Архив
Пираттык дисктерид жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргызпатент тарабынан "Антиконтрафакт — 2017" эл аралык формунун алкагында уюштурулууда

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкекте "Каракчылыкка жол жок" аттуу акция өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин инспекторлук бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимудинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акция интеллектуалдык менчикти коргоого багытталат.

"2017-жылдын 4-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы "Октябрь" кинотеатрынын жанында "Каракчылыкка жол жок" аттуу акция өтөт. Иш-чара Кыргызпатент тарабынан "Антиконтрафакт — 2017" эл аралык форумунун алкагында уюштурулууда. Акциянын жүрүшүндө эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтүп, викторина, оюн-зооктор болот. Ага катышкандарга баалуу белектер берилет", — деди Нажимудинов.

Ал иш-чара саат 15:00дө башталарын айтып, ага баардык каалоочулар катыша ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0