Токмок менен Бишкекте бир нече күнгө газ өчөт

© AFP / BARBARA SAX Газ плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от 25-августтан 29-августка чейин берилбейт

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Токмок менен Бишкекте бир нече күнгө газ өчө турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Токмок шаарында 25-августта саат 8:00дөн 18:00гө чейин Шамшы жана Дунларов көчөсүндөгү үйлөрдө газ болбойт.

Ал эми Бишкек шаарында 28-29-августта Чокморов, Табышалиев, Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ өчүрүлөт.

Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштеринен улам жасалып жатканын мекемеден кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0