Небересин келинине тарттырып ийген чоң эне прокуратурага кайрылды

© Фото / Зульфия Тургунова10 жаштагы Акжолдун чоң энеси Анзират Орозалиева
10 жаштагы Акжолдун чоң энеси Анзират Орозалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апасы ыйлатып алып кеткен 10 жаштагы Акжолдун чоң энеси Анзират Орозалиева небересин күчтөп алып кеткендердин үстүнөн арыз менен прокуратурага кайрылды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Орозалиеванын айтымында, сот анын үй-жайын текшербей туруп баланы багууга шарты жок, материалдык абалы начар деген чечим чыгарган. Бирок "баланы күчкө салбагыла, макулдугуна карап алып кеткиле" деп эскерткен. Ага карабай келини милиция менен келип баланы алып кеткен

"Уулумдун кыркылыгы өтөөрү менен келиним Акжолду алып кетем диди. Бирок ал эмнегедир апасына жакын эмес эле. Түнү уктап жатканда дагы ойгонуп жаныма келип жыттап, жыттап алып кетчү. Үйдө мени караган Бурканбек уулумдун беш баласы бар. Акжолду да ошолорго кошуп багып алмакмын да", — деди чоң эне.

Уулун чоң энесинен ыйлатып алып кеткен эне: баламды ала албай бир жыл жүрдүм - Sputnik Кыргызстан
Уулун чоң энесинен ыйлатып алып кеткен эне: баламды ала албай бир жыл жүрдүм
Ал уулу менен келини Москвада иштеп жүргөндө Акжол менен карындашы Аиданы бир жашынан баштап бакканын айтат.

"Уулум Маматхалил менен келиним Элия Москвада иштеп Кара-Суунун Тельман айылына там салышкан. 2016-жылдын июль айында экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып уулум үйгө келген. Андан көп өтпөй эле Маматхалил жол кырсыгына кабылып кайтыш болуп кетти. Уулум Россияда кыйналып иштеп салган үйүндө жашаганга да жетишпей кете берди", — деди Орозалиева.

Ошондой эле ал Акжолдун "чоң энем сен кетсең мен өлүп калам деген, ошон үчүн ыйладым" деген сөзү жалган, ага үйрөтүп атайын видеого тартышыптыр деген оюн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0