09:00 26 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Спиннер. Архивдик сүрөт

Спиннер кооптуу экендигин окумуштуулар эскертти

© AFP 2018 / PHILIPPE LOPEZ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
996 0 0

Америкалык адистер бул оюнчукту кичинекей балдардын колуна карматпаш керектигин айтышууда

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШдагы продукциялардын коопсуздугу боюнча комиссия өзүнүн расмий сайтына спиннердин бала өмүрүнө кооптуулук жарата тургандыгын түшүндүргөн маалымат жайгаштырды.

Америкалык адистер бул оюнчукту кичинекей балдардын колуна карматпаш керектигин, себеби бала аны оозуна салып жибериши мүмкүндүгүн эскертишти. Желимден жана металлдан жасалган спиннер чачырап кетиши мүмкүн. Оюнчукта жалындап жалбырттап кетиши мүмкүн болгон батарейкалар бар. Андыктан аталган уюм электр кубаты менен кубаттандырган спиннер сатып алууну сунуштайт.

Спиннер — манжаларга салып алып айлантып ойногон оюнчук. Ал учурда балдар жана өспүрүмдөр арасында кеңири тарап кеткен.

Тема боюнча

Канадалык окумуштуулар техас покери боюнча жеңилбес оюнчуну ойлоп табышты
Белгилер:
адистер, бала, оюнчук
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ