08:07 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин Кыргызстандын мектеби: жаңы чечимдер жана келечеги аттуу август кеңешмеси өтүп жатат

Чолпон-Атада өлкөнүн бардык аймагынан мугалимдер август кеңешмесине чогулду

© Sputnik / Расул Усеналиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
423 0 0

Иш-чаранын жүрүшүндө 2012-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында билим берүү системасында жетишилген ийгиликтер талкууга алынды

ЧОЛПОН-АТА, 12-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин "Кыргызстандын мектеби: жаңы чечимдер жана келечеги" аттуу август кеңешмеси өтүп жатат. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, ошондой эле өлкөнүн бардык тарабынан келген мектеп жетекчилери менен мугалимдер катышууда.

  • Собрание учителей в Чолпон-Ате
    Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин "Кыргызстандын мектеби: жаңы чечимдер жана келечеги" аттуу август кеңешмеси өтүп жатат.
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • Большой августовский педагогический совет руководителей системы образования КР в Чолпон-Ате
    Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, ошондой эле өлкөнүн бардык тарабынан келген мектеп жетекчилери менен мугалимдер катышууда.
    © Sputnik / Расул Усеналиев
1 / 2
© Sputnik / Расул Усеналиев
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин "Кыргызстандын мектеби: жаңы чечимдер жана келечеги" аттуу август кеңешмеси өтүп жатат.

Жээнбеков өз сөзүндө убакыт өткөн сайын жаңы кесиптик билим алууга суроо-талап көбөйүп жатканын айтты. Буга дүйнөдө күндөн күнгө жаңы технология өнүгүп, улам жаңы багыттарды ачып жатканы себеп экенин баса белгиледи. Анын айтымында, тез өзгөргөн шарттарда окуучуларга керектүү билим, багыт берүү зарыл.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2012-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында билим берүү системасында жетишилген ийгиликтер талкууга алынды. Ошондой эле билим берүү системасынын жетекчилерине жаңы окуу жылына карата тапшырмалар берилди.

Тема боюнча

Окуучулардын быйыл кандай форма кие турганы айтылды
Белгилер:
билим берүү, мектеп, Сооронбай Жээнбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ