Кыргызстан ысыктан акактап жатканда Австралиядагы кыргыздар кар чачышып жүрөт

© AFP / PETER PARKS Зима в Австралии
Зима в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Spuntik Кыргызстан Австралияда жашаган мекендештер кышты кантип өткөрүп жатканын билип көрдү

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жайдын аптаптуу күндөрү мизин кайтара элек. Синоптиктер август айынын биринчи жарымы адаттагыдан 2-3 градуска ысык болорун айтышкан. Ысыктан тажагандардын алды ырчы-чоорчулар баштап Ысык-Көлгө барып чумкуп келишти.

Ал эми учурда жер шарынын түштүк уюл жагында кыш. Ооба, чындап эле кыш. Spuntik Кыргызстан Австралияда жашаган мекендештер кышты кантип өткөрүп жатканын билип көрдү. 

© Фото / Алтынбек УсеновМельбурн шаарында иштеп жаткан Алтынбек Үсөнов Австралиядагы кыш Кыргызстандагы күз мезгилине окшош болорун айтты
Кыргызстанцы в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Мельбурн шаарында иштеп жаткан Алтынбек Үсөнов Австралиядагы кыш Кыргызстандагы күз мезгилине окшош болорун айтты

Көп жылдан бери Австралиянын Мельбурн шаарында иштеп жаткан Алтынбек Үсөнов азыр абанын температурасы түнкүсүн —2ден +5 градус болсо, күндүз +5…+15 градуска чейин жетип жатканын айтат.

"Бул жакта кыш Кыргызстандагыдай суук болбогондуктан үйдө жана жумушта футболкачан жүрө беребиз. Бул жактын кышы биздин жай айларына туура келет. Бизде мээ кайнаган ысыкта бул жакта суук болот. Кээ бирлер —2 градус болсо жылуу экен деп ойлошу мүмкүн, бирок суук болгондо жакшы эле үшүйсүң. Аба ырайына океандын таасири тийип турат", — деди ал.

Үсөнов ал жактын кышы Кыргызстандын күзүнө окшош экенин кошумчалады.

"Кээ бир бактар жалбырактарын таштап, жылаңач калса, кээ бирлери жапжашыл бойдон тура берет. Эл бизге окшоп калың кийимдерди деле кийишпейт, болгону күрмө же жылуураак бир нерсе кийип алышат. Дагы бир кызыктуу нерсе, кышында да гүлдөр ачылып, жакшы маанай тартуулап турат", — деди Үсөнов.

Ал эми Австралияда көп жылдан бери жашаган Анаркүл Мааданбекова ал жакта бир күндө төрт мезгилди көрүүгө болорун айтты. 

© Фото / Анаркул МааданбековаАнаркүл Мааданбекова кыздары менен муз аянтчасында
Зима в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Анаркүл Мааданбекова кыздары менен муз аянтчасында

"Эртең менен күн ачык болсо, түштөн кийин жамгыр жаап, шамал болушу мүмкүн. Кышкы каникулда балдарга атайын кар алып келишет. Ошол карга алып барабыз. Ага да кезекке туруп, анан муз тебебиз", — деди ал.

Анаркүл айым ошондой эле Австралияда май, июнь, июль жана август айлары кышка туура келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0