Көлдөгү пансионаттар Тез жардам кызматына колдоо көрсөткүсү келбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-көлдүн жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Ысык-көлдүн жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки ай ичинде Ысык-Көлдө Тез жардамга 435 адам кайрылган, алардын ичинен 117си — эс алууга келгендер

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү пансионат жана эс алуу үйлөрү аймактагы Тез жардам кызматына каржылык колдоо көрсөтүүгө макул болбой койгонун райондогу үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаеванын сөзүнө таянып, Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбаеванын айтымында, медицина борбору пПансионат директорлоруна акчалай жардам сурап кат жолдогон. Бул каражатка жай мезгили учурунда тез жардам көрсөтүүчү кошумча пункттарды ачууга болмок.

Биринчи жардам көрсөтүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таксисттер жол кырсыктан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт
"Бирок бир дагы жетекчи макул болгон жок. Ошол эле учурда Тез жардам унаасы абдан кеч келет деп даттангандар көп. Ооба, чындыгында медиктер кечигип барган учурлар болот. Анткени биздин кызмат көрсөтүү радиусубуз 160 чакырым. Мунун ичинде тез жардамдын Ананьево айылында жана Чолпон-Ата шаарында гана эки посту бар. Мындан тышкары, туристтик сезон бүткүчө Тамчыда дагы бир пункт ачылган. Бирок иш-чаралар жайкысын Чолпон-Атада көп уюштурулгандыктан, ал жерде дайыма бир унаабыз турушу керек", — деди Жээнбаева.

Анын айтымында, Ысык-Көл районунун аймагында чакан конок үйлөрүн кошпогондо 160 пансионат жайгашкан.

Ал эми акыркы эки ай ичинде таз жардамга 435 адам кайрылса, алардын ичинен 117си — эс алууга келгендер.

Жаңылыктар түрмөгү
0