БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн.
Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү. Асрандиевдин бул аракети тууралуу аталган фонд өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Аталган айылдардын ортосу 15,1 чакырымга жетет, аны Асрандиев 5 саат 24 мүнөттө сүзүп өткөн.
Фонддун баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, Асрандиев иш күнүнүн тыгыз экенине карабай машыгууга убакыт тапкан.