Өзгөн базарынын соодагери: өрттөн кийин алты футболкамды кармап кала бердим

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрттүн кесепеттери
Өзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрттүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөндөгү өрт чалган бул борбордук базар он эки ишкерге таандык экендигин шаар бийлигинин өкүлү билдирди

ОШ, 29-июл. — Sputnik. Зульфия Тургунова. Өзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү. Бул учурда жүздөгөн сатуучулар жалындаган аймакты көрүп, тыбырап, тызылдап чуркап жүрүштү.

Базар өрттөнүп жаткан учурда жанын коёорго жер таппай, бир бозоруп-бир кызарып жаман болгон сатуучуларды ара-чолодо кепке тарттык.

"Өрттөн алып чыккан алты футболканы кармап кала бердим"

Өзгөн шаарынын жашоочусу 57 жаштагы Умсунай Бубажанова 25 жылдан бери аталган базарда сатуучулук менен алектенип, тапкан кирешеси менен үй-бүлөсүн багып келген. Эки кыз, бир уулдун энеси. Өрткө 150 миң сомун жалматыптыр.

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨрт кырсыгы тууралуу билдирүү 101 кызматына таңкы саат 4:41де келип түшкөн
Өрт кырсыгы тууралуу билдирүү 101 кызматына таңкы саат 4:41де келип түшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/6
Өрт кырсыгы тууралуу билдирүү 101 кызматына таңкы саат 4:41де келип түшкөн
© Фото / Зульфия ТургуноваБазарда үч катар соода түйүндөрү товарлары менен кошо өрттөнүп кеткен
Базарда үч катар соода түйүндөрү товарлары менен кошо өрттөнүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/6
Базарда үч катар соода түйүндөрү товарлары менен кошо өрттөнүп кеткен
© Sputnik / Зульфия ТургуноваСатуучулардын айласы кетип, ындыны өчүп турган чагы
Сатуучулардын айласы кетип, ындыны өчүп турган чагы - Sputnik Кыргызстан
3/6
Сатуучулардын айласы кетип, ындыны өчүп турган чагы
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБазардын өрттөн кийинки абалы
Базардын өрттөн кийинки абалы - Sputnik Кыргызстан
4/6
Базардын өрттөн кийинки абалы
© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, 226 контейнер ичиндеги товары менен кошо күйүп кеткен
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, 226 контейнер ичиндеги товары менен кошо күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
5/6
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, 226 контейнер ичиндеги товары менен кошо күйүп кеткен
© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨрт жети сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн
Өрт жети сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
6/6
Өрт жети сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн
1/6
Өрт кырсыгы тууралуу билдирүү 101 кызматына таңкы саат 4:41де келип түшкөн
2/6
Базарда үч катар соода түйүндөрү товарлары менен кошо өрттөнүп кеткен
3/6
Сатуучулардын айласы кетип, ындыны өчүп турган чагы
4/6
Базардын өрттөн кийинки абалы
5/6
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, 226 контейнер ичиндеги товары менен кошо күйүп кеткен
6/6
Өрт жети сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн

"Базардан башка кирешебиз жок. Таңкы саат жетиде туугандарым "базар өрттөнүп жатат экен" деп телефон чалышты. Эркектердин кийимин саткан бир контейнерим менен кошо дагы бир соода жайым бар эле. Кышкы кийимдерди салган сандыгым кыпкызыл чок болуп жанына киши жологус абалда экен. Базардагылар алты даана футболка алып чыкканга жетишиптир. Ошентип тилсиз жоодон ошол алтоону кармап кала бердим", — деди ал.

Соодагер аял товарларды коңшу райондогу "Кара-Суу" базарынан алып келе тургандыгын айтты.

"Баш-аягы 150 миң сомдук товарым бар болчу. Өрттөлгөн кийимдерди кармалап, арасынан жарактуусун таппай койдум. Мамлекет аз да болсо жардам берсе жакшы болмок" — деди Бубажанова.

Жалгыз бой аялдын өрт жалмаган жарым миллион сомго жакын акчасы…

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
Жалгыз бой эне Салимахан Эргешова Өзгөн базарынан контейнер сатып алып, эркектердин кийимин сатып, оокат кылып келген. Таңкы өрттүн кесепетинен товарынан да кол жууптур.

"Күйөөм жок, эки кыз, эки уулду базардан тапкан кирешем менен бакчумун. Эми эмне кылам? Өзүм да билбейм, башым катып турган чак. Өрт тууралуу эртерээк билсек, балким товарларды алып чыгып кетүүгө үлгүрмөк белек. Жалпы 450 миң сомдук товарым өрттөнүп кетпедиби, айланайын", — дейт ал.

Таңдагы жагымсыз кабар

Биз кепке тарткан Ош облустук Өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Жороевдин маалыматында, өрт тууралуу билдирүү 4:41 де түшкөн.

Анын айтымында, өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз. Учурда аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат жана канча чыгым болгондугун тиешелүү тараптар тактоодо.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук Өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Жороев
Старший инспектор Управления государственной противопожарной службы города Оша майор Музаффар Жороев - Sputnik Кыргызстан
Ош облустук Өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Жороев

"226 контейнер өрттөнгөн. Мындан сырткары, бут кийим сатуучу үстү жабылган соода жайы жана эки кабаттуу ашкананын имараты күйгөн" – деди Жороев.

Аталган базарда үч катар соода түйүндөрү товарлары менен кошо өрттөнүп кеткен.

Учурда өрттөнгөн контейнерлерден башка аман калган соода түйүндөрү иштеп, соода-сатык уланууда.

Өрт болгон жерден Өзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешовго суроо узатып, базардын мындан аркы тагдырына кызыктык. Анын айтымында, Өзгөн шаарындагы базар он эки ишкерге таандык.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешов
Первый вице-мэр города Узген Мухаммед Макешов - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешов

"Соода түйүндөрү жеке менчик болгондуктан өрттөн кийин сооданы токтотобу же улантабы ал ишкерлердин өз укугу", — деди Макешов.

Күлгө айланган базардын ичин сатуучулар ашар жолу менен тазалап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0