БШК: Текебаевдин кыргыз тилинен экзамен берер-бербесин сот чечет

© AP Photo / Dalton BennettЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Текебаевдин жактоочулары БШКнын алдына нааразычылык акциясына чыгып, эл өкүлүнүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө катышуусуна укук берүүнү талап кылышкан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлү Кайрат Осмоналиев президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Өмүрбек Текебаевге кыргыз тилинен экзамен тапшыруусуна уруксат берилер берилбесин сот чечиши керектигин айтты.

Осмоналиев шайлоо жөнүндөгү мыйзам жипке тизген шурудай эместигин айтып, анда көп боштуктар бар экенин баса белгиледи.

"Соттолуп жаткан кишилерге карата кандай аракеттер көрүлүшү керектиги мыйзамда так жазылбаптыр. Андыктан биз өз тарабыбыздан бардык керектүү аракеттерди көрдүк", — деди ал.

Буга чейин Текебаевдин жактоочулары БШКнын алдына нааразычылык акциясына чыгып, эл өкүлүнүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө катышуусуна укук берүүнү талап кылышкан. 

Бүгүн Мамлекеттик тил комиссиясы президенттикке талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктачу тестирлөөнү баштады. Андан биринчилерден болуп өлкө башчылыгына талапкерлигин көрсөткөн Назарбек Нышанов өтүп, 74,15 пайыз упай алган.

Кол күрөшүп жаткан эркен жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажолук-2017. Армрестлинг чемпиону Карасартова, суучул Текебаев, фитнесчи Бабанов
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган.

Учурда аталган кылмыш иши Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0