Мени иштен мыйзамсыз бошотушту. Көчөдө заара ушатты деген милиционер маек берди

© Sputnik / Максат ЭлебесовМилиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке
Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги көчөлөрдүн бирине заара ушатты делип жаткан милиционерди таап, аны менен сүйлөшүп, пикирин укту.

БИШКЕК, 17 июн. — Sputnik. Коомдук жайда заара ушатты делген милиционер туурасында социалдык тармакка сүрөт чыгып кеткенден кийин ал иштен айдалган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине тартип коргоочу Виктор Алексеев өзү айтып берди.

Буга чейин Instagram социалдык тармагындагы bishpromogroup профилинде жарыяланган сүрөттө милиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жатканын көрүүгө болот. Сүрөткө ошондой эле MVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа дагы түшүп калган. Маалыматка ылайык, окуя Гоголь көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрөнүн ортосундагы бөлүгүндө болгон. 

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМилиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жаткан
Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жаткан

42 жаштагы милиционер кызматтан айдалышын мыйзамсыз деп атап, ага далилдер жок деген пикирин билдирди. Алексеев кепке келип, биздин кабарчыбыздын бир нече суроолоруна жооп берүүгө макул болду.

— Сиз чын эле ошол жерде заара кылып жаттыңыз беле?

— Чындыгында мен таштанды салынган контейнерге банканын түбүндө калган тамак-ашты ыргытайын деп баргам. Ошол учурда мени сүрөткө тартып алышыптыр. Бир караганда милиция кийимчен киши таштандынын жанында заара кылып жаткандай көрүнөт экен. Жанында машинеси токтоп тураса… Албетте, анан сөз болуп кетти өңдөнөт. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовMVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа
MVD 142 B мамлекеттик номерлүү НИВА үлгүсүндөгү автоунаа - Sputnik Кыргызстан
1/2
MVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа
© Sputnik / Максат ЭлебесовСлужебный автомобиль на котором милиционер, предположительно, облегчился в общественном месте
MVD 142 B мамлекеттик номерлүү НИВА үлгүсүндөгү автоунаа - Sputnik Кыргызстан
2/2
Служебный автомобиль на котором милиционер, предположительно, облегчился в общественном месте
1/2
MVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа
2/2
Служебный автомобиль на котором милиционер, предположительно, облегчился в общественном месте

— Бизге жеткен маалыматтарга караганда боюнча кызматтык иликтөө болуптур го? 

— Ооба. Мен эч нерсе деп талашып, ызылдаган эмесмин. Жөн гана сөгүш берип же кызматка туура келбеген иш болду деп катуу сөгүш жарыялайт деп ойлогом. Бирок, ишеничти актаган жок деген маанайда ички иштер органынан иштеп бошотуп салышты. Ал эми менин Ички иштер органында, анын ичинен криминалистикада 18 жыл иштегендигим тууралуу бир ооз да кеп айтылган жок. 

— Эми эмне кылайын деп турасыз?

Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азыр өлтүрүп салам! Милиционер менен айдоочунун чыры
— Биринчи кезекте коомчулук алдында өзүмдүн актыгымды жана тууралыгымды далилдегенге аракет кылам. Себеби, болгону таштанды ыргытканы барганмын. Мен эле эмес, менин ордумда башка бирөө деле мындай абалга кабылса жаман болмок. Туугандар үчүн да ушунчалык жагымсыз бир учур… Пенсияга чыгарыма бир жылдан ашыгыраак убакыт калган. Бир сүрөт үчүн, эч кандай далилсиз ушундай чечим чыгарууга болбойт го. Заара ушатып жаткан милиционер деп жаманатты кылышты, а мен 18 жыл органда иштеп, канча деген оор кылмыштарды ачууга катышканмын. 

Виктор Алексеев менен бирге иштеген кесиптештери да анын иштен алынышы адилетсиз болгондугун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0