Атамбаев: саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу кылуу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял министра здравоохранения Талантбека Батыралиева
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра здравоохранения Талантбека Батыралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы медициналык жардам берүү системасын жакшыруу боюнча тыпшырмаларды берди.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз
Жолугушуунун жүрүшүндө президентке калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Батыралиев мамлекет башчысына ошону менен бирге өлкөдө медициналык жаңы мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, оңдоп-түзөө жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландарды айтып берди.

Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп, медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0