Ысык-Көлдө жаш окумуштуулардын форуму өтөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСовещание по итогам деятельности ОАО "Национальная энергетическая холдинговая компания"
Совещание по итогам деятельности ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн 20 университети менен кыргызстандык алты жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн студенттери менен жаш окумуштууларынын эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара сентябрь айында Ысык-Көл жээгинде болот. Эл аралык форум техникалык жогорку окуу жайлардын кыргыз-орус бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналууда. Ага КМШ өлкөлөрүнүн 20 университети менен кыргызстандык алты жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0