Төө-Ашуу менен Суусамырдын жолуна асфальт төшөлө баштады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Омске
Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төө-Ашуудагы жолдун айрым жерлерине бетон төшөлө баштады, кезекте Суусамырдагы жолдун төрт чакырымы турат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы бөлүгү оңдоло баштаганын Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдун 132-145-чакырымынын айрым жерлерине жаңы бетон төшөө үчүн эски асфальттын үстүңкү бөлүгү алынган.

"Мындан тышкары, Суусамыр өрөөнүндөгү 148-152-чакырымына калыңдыгы жети сантиметрге жеткен жаңы бетонду төшөө үчүн эски жолдун үстүңкү катмары кырылып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Оңдоо иштери үчүн атайын техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0