Нарындагы чыр боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан аймактык кызматкерлердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө баштады.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Нарындагы коомдук тартиптин бузулушу боюнча милиция Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

8-июнда Нарын шаарында катталган окуя ички иштер бөлүмүнө бейбашчылык катары каттоого алынган.

"Учурда керектүү материалдар чогултулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары башталды. Ошондой эле ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматкерлердин аракеттерине карата кызматтык иликтөө башталды.

Андан сырткары, бүгүн Нарын шаарынын жаштары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Борбор Азия университетине барып, студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, элдешишкенин аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0