Нарындагы чыр: БАУ студенттери менен жаштар элдешти

© Фото / Нурзада МукашеваКонфликт в между студентами УЦА и местным населением в Нарыне
Конфликт в между студентами УЦА и местным населением в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Борбор Азия университети (БАУ) студенттери менен Нарын жаштары бири-бирин кечиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Бүгүн Нарындын жаштары жана жергиликтүү бийлик БАУга келип студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, белектерин берип элдешти.

© Фото / Нурзада МукашеваБорбор Азия университети (БАУ) студенттери менен Нарын жаштары бири-бирин кечиришти.
Борбор Азия университети (БАУ) студенттери менен Нарын жаштары бири-бирин кечиришти. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор Азия университети (БАУ) студенттери менен Нарын жаштары бири-бирин кечиришти.
© Фото / Нурзада МукашеваБүгүн Нарындын жаштары жана жергиликтүү бийлик БАУга келип студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, белектерин берип элдешти.
Бүгүн Нарындын жаштары жана жергиликтүү бийлик БАУга келип студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, белектерин берип элдешти. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн Нарындын жаштары жана жергиликтүү бийлик БАУга келип студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, белектерин берип элдешти.
© Фото / Нурзада МукашеваБелгилей кетсек, 8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.
Белгилей кетсек, 8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Белгилей кетсек, 8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.
1/3
Борбор Азия университети (БАУ) студенттери менен Нарын жаштары бири-бирин кечиришти.
2/3
Бүгүн Нарындын жаштары жана жергиликтүү бийлик БАУга келип студенттер жана мугалимдер менен жолугуп, белектерин берип элдешти.
3/3
Белгилей кетсек, 8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.

"Ошол эле учурда Нарын элин каада-салтты, менталитетти сыйлап жүрүүгө чакырышты. Тараптар өткөн окуяны унутуп, жаңы барактан достукту баштоону сүйлөштү", — деди кабарчы.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов тараптар бири-бирин кечиргенин билдирди.

"Кечээ университеттин студенттери менен мугалимдери кечирим сураса, бүгүн Нарын жаштары келип алардан кечирим сурашты. Алар келечекте чогуу иштейли, ынтымакта бололу деген пикирлерин айтышты", — деди ал.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы чыр боюнча милиция кылмыш ишин козгоду
Кайыпов ошондой эле эл аралык окуу жайдын ачылышы Нарындын билим берүү тармагына салынган инвестиция экенин, университетте Нарын облусунан 10 студент окуп жатканын кошумчалады.

"Биздин көп жаштарыбыз каражаттын тартыштыгынан, мүмкүнчүлүктүн жоктугунан чет мамлекетке барып окуй албай жүрүшөт. Эл аралык университеттин Нарында курулганы биз үчүн сыймык. Бул жакта бүгүнкү күнү Кыргызстандан 17 студент окуп жатат. Ошонун ону Нарын облусунан. Келечекте Нарын шаары билимдин, маданияттын очогу болот деп ишенебиз. Андыктан биз буларды түшүнүү менен кабылдап, колдоого алышыбыз керек", — деди өкмөттүн облустагы өкүлү.

Жергиликтүү тургун Болот Эстебесов университетте иштегендер, окугандар жергиликтүү тургундардын салт-санаасын, маданиятын үйрөнүшсө жакшы болмоктугун айтат.

"Нарын шаарынын каада салтын, динин, маданиятын терең анализдеп үйрөнүшсө жакшы болмок. Себеби, андай болгондо чет жактан келгендер жергиликтүү эл менен оңой тил табыша алмак", — деди ал.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда студенттер мушташып, бирөө каза болду
Эстебесов ошондой эле чыр эмнеден улам чыкканын жакшы түшүнбөй башка жакта туруп алып түрдүү пикирлерди жазып жаткандар бар экенин айтты.

"Окуянын кандай болгонун ошол жерде жүргөндөн гана жакшы түшүнбөсө, башка жактагылар бизди башкача ойлоп, түрдүү пикирлерин айтып жатышат. Кийин дагы ушундай окуялар болбошу үчүн, келечек үчүн деп бири-бирибизди кечирдик", — деди ал.

Белгилей кетсек, 8-июнда чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0